Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаевдин Кой-Таштагы жер тилкесине байланыштуу эки айып коюлганын билдирди. Анын айтымында Аскер прокуратурасы бул фактыга байланыштуу дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу маалымдама берген. Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Жактоочу бүгүн, абакта олтурган Атамбаев жолугуп чыккан. Атамбаев көрсөтмө берүүдөн жана документтерге кол коюудан баш тартты. Слесарев бүгүн козголгон эки кылмыш иш менен Атамбаевге 14-кылмыш иши козголгонун айтты.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыккандан кийин:

-Атамбаев бийликти узурпациялады,

Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз,

Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган,

Акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар,

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан,

Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон

Мына ушул алты айып боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптарда «кылмыштын белгилери байкалат» деген гана корутунду берген. Бул кылмыш иштерин тышкары да Кой-Таш иши боюнча 6 кылмыш иши боюнча да айыпталып жатканы белгиленген.

Алмазбек Атамбаев 2016-жылы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Кой-Таш айылында 9 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын айткан. Бул маселени алгачкылардан болуп +мүрбек Текебаев парламентте айтып, Атамбаевди катуу сынга алган.