p


Үмүт акталбай калган  революция                              

Кыргыз эли байыртан жети деген санды  ыйык деп эсептеп, жакшы көрөбүз. Жети санына жетеленген, байланышкан баардык окуяларды, күндөрдү, жылдарды да жылуу сезим менен кабыл алып жымыӊдап турабыз. Эмесе, ары жагын коё туруп, акыркы он жылдын ичинде жүз берген  жети санына байланыштуу тарыхый  эки окуяга азыраак саресеп салып көрөлү. Биринчиси , мындан 9 жыл мурунку 7-апрель кандуу революциясы. Экинчиси мындан бир жума мурун болгон Кой-Таштагы 7-август окуясы. Бул окуя да кыргыз тарыхында  кара тамгалар менен сөз жок жазылып кала турган болуп калды. Бирок тилекке каршы кыргыз эли үчүн мына ушул 7 саны менен байланышкан эки окуя теӊ жымыӊдата турган сезимдер менен коштолгон жок.  Бул каргашалуу, кандуу окуялардын өлкөгө тийгизип жаткан кесепети оор болуп турат. Биринчиден 7-апрель революциясы оор жоготуулар менен ишке ашса да, элдин үмүтү акталган жок. Бакиевден кийин  бийликтин эки тизгин, бир чылбырын алгандар  ал революциянын баасын-баркын кетиришти. Эмнеге дегенде Бакиевди кетирсек эле баары жакшы болуп, экономика өсөт деп ойлогонбуз. Ойлогонубуз оӊунан чыкпай ойрондолду.Өлкөбүз баягыдай эле: “Өйдө тартса өгүзү өлгөн, ылдый тартса арабасы сынган” абалда калды.  Бакиевдер болсо жоопко тартылбай дагы бир диктатордун колтугуна кирип алып, кыткылыктап Кыргызстанды шылдыӊдап олтурат.

  Ушу күнгө чейин 7-апрель революциясынан өлгөндөрдүн саны жаӊылбасак 140ка чамалады. Алар үчүн азырынча “өлгөндүн өз шору” деген кеп айтылып, жаркын келечекти көксөп, көкүрөктөрүн  окко тоскон эрдиктери үчүн көрүндө өкүрүп жаткандай туюлат. Кайран гана азаматтар, кайран гана шаӊшыган бүркүттөр! Силердин эрдигиӊерди мамлекет үчүн жасалган эрдик, баатырдык өлүм деп эсептегенибиз менен, ошол баатырдык, ошол эрдик  соӊку тогуз жыл ичинде тоголок тыйынга арзыбай турат. Мамлекетибизде андан бери эки жолу бийлик алмашканы менен абийир, мансапкорлук  алмашкан жок. Уурулук, маӊкурттук, акчага байланган аӊ-сезим ошол бойдон калып, эми жакшы жагына өзгөрөт деген өлкөбүз барган сайын өӊдөн азып, өлөсөлүү жандын кейпин кийип тургандай…

            Кой-Таш окуясы: эки достун эрегиши…

 Албетте, 7-апрель окуясы менен 7-август окуясын анчалык бири-бирине салыштырып болбойт. Эки окуянын элге, мамлекетке  тийгизген таасири, айырмасы асман менен жердей болоор. Бирок түбү, өзөгү бирдей эле. 7-апрель революциясында Атамбаев башында турган оппозиция элдин колдоосу менен жексур Бакиевди кубалап, бийликке келген. Арадан тогуз жыл өткөн соӊ, өзү бийликке сүрөп алып келген эски досунан көргүлүктү көрүп, Акаев, Бакиев баштаган ички – тышкы душманга күлкү болду. Албетте, буга өзүнүн артык кылам деп тыртык кылып алган кадамдары да себептүү болуп калды. Эми Атамбаев абакта көпкө,  балким өмүрүнүн соӊуна чейин олтуруп да калышы мүмкүн. Антсе да азырынча айбаты бар. Бирок ал айбаты ага азаттык алып келбес…

Чынында Жээнбековдун бийлиги дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброюн кетирип, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып койгон Кой-Таштагы 7-август окуясын болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ошол мүмкүнчүлүк талапка ылайык эмес, тескерисинче өтө сабатсыздык, дөдөйлүк менен жүргүзүлгөн “штрумбу”, “операциябы”, айтор  Кой-Таштагы ызы-чуу эки күнгө созулуп,  УКМКнын жооптуу кызматында иштеген бир офицери каза таап, жалпысынан 98 адам ар кандай деӊгээлде  жаракат алышты. Атыӊ өчкүр “Альфа” дегениӊер  аман эле болсунчу. Милиция болсо Атамбаевди колдогондорду эркек, аял деп бөлбөстөн, көздөрүнө баары теӊ “бөө” көрүнгөндөй эле жанчышып, катуу сабашты. Албетте, бул жагы өтө эле аша чапкандык болду.

Мамлекет бул эки күндүк окуядан миллиондогон сомго чыгым тартты.  Ансыз да эӊшерилип турган экономикабыз, инвестициялык абалыбыз артка кетип, өлкөнү өнүктүрүүгө эмес, акырындык менен өз колубуз менен өлтүрүүгө кадам шилтеп жаткандайбыз. Мындай   ачуу чындыкты биз айтып  турбасак ким айтат. Анткени, “Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат” деген сөздү эч качан эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.

Эч ким жеӊген жок. Мамлекет жеӊилди

Ушул тапта коомчулук Жээнбековдун бийлигин колдогондор жана Атамбаевге жан тартып, ал камалып калгандан кийин боору ооругандар болуп экиге бөлүндү. Албетте, көбүрөөгү бийликке жан тартууда. Себеби,  мамлекетте тынчтык эле болсун, өнүгүү болсун деп дале болсо үмүт үзбөй турушат. Мен эки тарапты теӊ жактабайм. “Кемигинде да, керкисинде да бар” дегендей эки тараптан теӊ кечирилгис каталар кетти. 7-август окуясына Атамбаев эле эмес, Жээнбековдун бийлиги да күнөөлүү жана жооптуу. Азырынча эки достун тирешине чекит коюп, Жээнбеков жеӊди, Атамбаев жеӊилди деп так кесе айткандар аз эмес. Амбиция менен эмес, акыл менен ойлонуп көргүлө, чынында  эки тарап теӊ  жеӊген жок. Бул эки эски достордун утушу жок урушу болду. Чындай келгенде мындай жагымсыз окуядан мамлекет гана  жеӊилип, шермендеси чыкты. Өзү эле чыккан жери жок. Бир тарабы  бийлигине таянып күпүлдөгөндөр күчкө салып, экинчи тарабы жылкысына карап ышкырбай жатып  чыгарып коюшту.

Сооронбай Жээнбеков президенттик  кызматка келген  1 жыл 9 айдан ашуун  мезгилден бери мамлекет үчүн, эл үчүн байкаларлык кандай иш жасады? Экономикалык жактан алганда  эмдигиче эч кандай байкалуу жок. Саясый жактан алганда эмне жетишкендик болду? Ансыз да ашмалтайы чыгып келген кадр маселесинин ашмалтайын чыгарды. Куда-сөөк, РАИММИЛЛИАРД дегендердин таасири күндөн-күнгө өсүп жатат. Коррупция менен тандамал күрөш жүрүүдө. Жээнбековдун башкаруусундагы майда барат ж.б. маселелерди эске албаганда,  “барандуу” байкалган көрүнүштөр мына ушулар болду.  Жээнбеков   мурунку президент досун мурдунан чүлүктөөгө  дээрлик  бир жарым жылга жакын  убактысын коротту.  Атамбаевдин чырылдыганында да чындык бар эле. Ошол эле мезгилде амбициясын тыя албаган ашыкча кадамдары, сөздөрү да болду. Бул мезгилдин ичинде өлкө экономикасы чачырап кетүүгө аз калганы эшек арабадай кыйчылдап, кылдырап турат.  Башкасын эске албаганда да өзбектерден 100 млн. доллар карыз сурап кайырчы болуп жатканын айтсак  жетиштүү болоор. Бул түпкүлүгү жакшылыкка алып барбай турган көрүнүш. Эми алдыӊкы жылдары деле экономикабыз гүлдөп, жыргап кетебиз деп айтуу  кыйын. Кыргызстанга 15 жыл президент болгон, Акаевдин, 5 жыл президент болгон Бакиевдин да өмүрү эркиндикте, бирок качкын жашоодо өтүп барат. 6 жыл президент болгон Атамбаевдин соӊку өмүрү абакта өтө турган өӊдөнүп калды. Мамлекетти дагы 4 жыл башкара турган Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин жашоосу бакубат болобу? Кеп мына ушунда. Андай же, мындай деп кепилдик берип, бир тараптуу айтуу кыйын. Кыскасы, Кыргызстанга президент болгондордун жашоосу бумеранг болуп жатат.  Мамлекет тагдырына  ушул жагдай жазылды беле…

                                                                                         Айбек ШАМШЫКЕЕВ

   
https://www.youtube.com/watch?v=VADMbMCBZAQ