Учурда  Ысык-Көлдө  кара  куурай бышып, тийиштүү  мекеменин  баары аны жок кылуу аракетин көрүүдө.  Ал эми, гашиш, марихуана алынган бул өсүмдүк  облусубуздун  көпчүлүк райондорунда жыш өсүп, тоодо, талааа-түздө гана эмес, айыл ичинде көчө бойлой, ал тургай эгиндин арасында кеңири эле кездешет. Биз  бул боюнча ИИМдин  Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам кызматкери, милициянын полковниги Таалай  Түлөбаевге бир  нече  суроо  менен  кайрылдык.

-Таалай Муктарович, быйыл жапайы кендир боюнча канча жер изилденди, аны жок кылуу иштери кандай жүрүп жатат?

-Бул жылы Ысык-Көлдө 63006 гектар жер изилденип, анын 421, 97 гектарында жапайы кендир бар деп табылган. Бул эми жер-жерлерде айыл өкмөттөр тарабынан түзүлгөн комиссиянын маалыматы. Ал эми, бүгүнкү күндө 8,25 гектар жер химиялык жол менен, 7,3 гектар механикалык жол менен жок кылынды.

Учурда мамлекеттик мекеме-ишканалар жана атайын түзүлгөн бригадалар менен кара куурайды жок кылуу боюнча көп иштер жүргүзүлүүдө. Анын негизинде 23,78 гектар жер кол менен чабылып, жалпы 39,33 гектар жердеги 27 тонна 118 кг. жапайы кендир жок кылынды.

Облустун аймагында 355 адамдан турган 70 бригада түзүлгөн. Буга ишке жайгаштыруу бөлүмүндө каттоодо турган жумушсуздар тартылып, аталган мекеме тарабынан 62660 сом каралган. Ошондой эле, былтыркы кемчиликтерди быйыл болтурбоо, ишти жигердүү уюштуруу максатында облуста атайы штаб түзүлгөн. Штабдын башчысы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров  биздин жетекчилик менен бирге жер-жерлерде кетирген кемчиликтер, аткарылган иштер боюнча райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларына талаптарды коюуда. Башкача айтканда,  Өкүлчүлүктүн 209-тескемесинин негизинде райондук администрацияларда да тескемелер чыгып, Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол шаарында МАК-2019 операциясы жүрүп жатат.

Ал эми, Ички иштер министрлигинин 142-тескеменин негизиндеги МАК операциясынын алкагында кара куурай операцияларынын графиги түзүлгөн. Мына ошонун биринчи этабы 20-июлда аяктады. Бул аралыкта 18 тонна 335 кг.  жапайы кендир жок кылынды.

Бирок, быйылкы жылы МАК операциясына кайдигер мамиленин негизинде кай бир айыл өкмөттөрдө ушул убакка чейин кара куурай өскөн жерлер аныкталып да бүтө элек. Маселен, Жети-Өгүздө Ак-Дөбө айыл өкмөтү ушул күнгө чейин маалымат бере элек. Бул боюнча биз Дамир Моңолдоровго  кат менен кайрылганбыз, тийиштүү чаралар көрүлөт деп ойлойбуз.

-Чындыгында кара куурай менен канчалаган жылдардан бери  күрөшүп келе жатпайбызбы. Анын аянты азайып жатабы? Деги эле, дүйнөлүк практикада аны башоту менен жок кылган факт барбы?

-Кыргызстандын кара куурай өскөн жердин 70 пайызы Ысык-Көл облусунда. Аны таптакыр жок кылуу боюнча адистер менен сүйлөшүп көрдүк. Анда жаратылышта кандайдыр өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экен. Бул боюнча жер кыртышын изилдеген адистер менен сүйлөшүп, бир гектарга канча химиялык зат кетерин сураганбыз. Бирок, ага так жооп берилбей келет. Албетте, аны химиялык жол менен жок кылуу мүмкүн. Бирок, ага көп каражат керек. Себеби, биринчиден, аны сатып алуу керек болсо, экинчиден ал жерди кайра калыбына келтирүү дагы зарыл. Ал эми, биздин көп айыл өкмөттөр дотацияда экен.

 Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында 50-60 гектар жерде кара куурай өсчү. Алар гербициддерди колдонушкандыктан, ал жерде азыр басаңдады. Саруунун башында бар эле, ал да азайды.

-Мисалы, бир гектар жерге канча каражат кетет экен?

-Гербициддин баасы ар жылы ар кандай. Маселен, 1 кг.  гербицид бир гектарга жетет десек, 500 сомдон 2000 сомго чейин. “Ураган” деген химиялак гербицид себилген жерге эч нерсе өспөй калат, жер бузулат. Мындай иш жердин ресурсун сактоо мекемелеринин саясатына каршы келгендиктен, алар менен сүйлөшүүлөр жүрүшү кажет.

-Кара куурайдын дарылык касиети да бар деп айтылат го. Аны аптекалык негизде колдонуу боюнча практикалар барбы?

— Советтик маалда кендирден чарбачылык буюмдар жасалып келген. Аркан жасалып, кап токулган. Азыр андай завод жок.

Биздин мамлекет 1992-жылы 2-мартта ООНго мүчө болуп кирген. Ага ылайык мыйзамдын негизинде баңги зат жана психотроптук заттарды өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, жөнөтүүгө, чыгарууга, сатууга, бөлүштүрүүгө, сатып алууга, колдонууга, КР бажы аймагына ташып кирүүгө жана ташып чыгууга тыюу салынат. Анын үстүнө, кендирдин дарылык касиети тууралу так аныктама да жок.

-Быйыл маңзат боюнча канча кылмыш катталды?

— Укук коргоо органдарына жүргүзгөн реформанын негизинде мамлекеттик башкармалык жоюлуп, ИИМдин алдында Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймагында башкармалык түзүлгөн. Бүгүнкү күндө облусубузда жаңы мыйзамга ылайык 82 маалымат катталган. Анын 79у боюнча кылмыш иши козголгон. 200 килограммдан ашык баңгизат алынып жок кылынды. Албетте, анын марихуана, гашиш деген сыяктуу бир топ түрү бар.

Биздин башкармалык мындан сырткары профилактикалык жумуштарды жүргүзүп келет. Бул жылы дагы биздин атайын кызматкерлер облусубуздагы  14 мектепте болуп, жеткинчектерге баңгизаттын зыяндуулугу тууралу сабактарды өттүк. Андан сырткары, өкүлчүлүктүн колдоосу менен жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө жана баңгизаттарды колдонууну алдын алуу  максатында футбол боюнча эки чоң мелдеш өткөрдүк.

-Учурда баңгизатты колдонуучулар көбөйүп жатат деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

-Адамдардын аң-сезими ар кандай болот эмеспи. Кай          бирлер баңгизатты арак ордуна колдонушат экен. Кээси бул илдеттен дарыланып кутула албай жүрөт. Бирок, 2005-жылдарга салыштырмалуу Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизатты ийне аркылуу колдонгондор азайды. Биз бул боюнча ар жылы так маалымат алууга аракет кылабыз. Маалыматка ылайык, ар жылы наркотикалык зат колдонгондор 10-20 кишиге азайып, же көбөйүп турат. Бирок, чоң өзгөрүү байкала элек. Бейөкмөт уюмдары “Сиздер океандын айсбергин гана көрүп жатасыздар” деп айтышууда. Бирок, биз атайы ошол багытта иштегенден кийин маалымат туура деп эсептейбиз. Азыр эл арасында баңгизатты даярдоо да азайды. Бир кездердегидей тоого чыгып алып, күн-түнү жүргөндөр жок.

Маектешкен:  Жумагүл  БАРКТАБАСОВА.