Байыркы кыл тамырды төп кармай билген ата-бабаларыбыз тамыр кармоо аркылуу пенденин дартын билип, анын табын ысык-суукка бөлүү менен дарылап, айыктырып келген. Дегеле, бул тамыр кармоо усулу-тээ көөнө өтүмүштөн элдик медицинанын негизги өзөгү. Ата-бабалардын асыл өнөрүн өркүндөтүп, Теңир-Тоонун миң түркүн дары чөптөрүнүн терең сырын ачып, аларды Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүнөн иликтеген элдик дабагер Чомо уулу Дүйшөнбектин «Табыпчылык — улуу сыр» аттуу китебинен алынган дары чөптөр тууралуу баяндап берели.

Балтыркан текей  (Рапотникум сафлоровидный)

Элдик медицинада жана жалпы традициялык медицина оорулууну дарылоодо алдын алуу максатында колдонулуучу дары өсүмдүктөр, алардын дарылык касиети курамында алколоиддер, гликозиддер, витаминдер ж.б. заттардын болуусуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында, тамырында же кабыгында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн дарылыкка керектүү гана бөлүгүн жыйнап алуу керек. Ушундай пайдалуу касиетке ээ болгон өсүмдүктөрдүн бири — балтыркан текей. Ал көп жылдык жапайы өсүмдүк, жерге жакын өсүп, бою 15-20 см.ге жетет. Жалбырагы тикендүү, дары катары тамыры жана уругу колдонулат. Дарылык касиети: ар бир органдын нерв системаларынын иштөөсүнө, дененин алсыздыгын калыптандырууга, урук тукумдуулугун жогорулатууга, өнөкөт аракечтикти калтыруу үчүн колдонулат.

Даярдоо ыкмасы жана колдонулушу: «Текейди жеген оорубайт» деген улуулардын сөзү бар. Сүт кезинде текейдин тамырынан 100 грамм казып алып, 40 пайыздуу 500 грамм таза спиртке, 25грамм таза бал кошуп, эки жума караңгы, муздак жайга сактап коёт. Эртең менен ачкарын 25 граммдан түгөнгүчө ичилет. Бул жалпы организмди калыбына келтирүүгө жардам берет.

Эгер текейди сүт кезинде казып алып, айранга туурап жесе токсон алты түрдүү ооруга таасирин тийгизип, жагымдуу келет. Уругу бышып, тамыры каткан кезде топтоп кургатып алып, ун сымал кылып талкалайт. Бир чай кашык унун 200 грамм кайнак сууга салып, 30 мүнөт демдейт. Бул даярдалган тундурманы ичсе алсыроону калыбына келтирип, адамга күч-кубат берет.

Кереч тамыры (Фенхель обыкновенный)

Бул көп жылдык жапайы өсүмдүктүн дары катары тамыры жана уругу колдонулат. Ал негизинен суулуу өрөөндөрдө өсүп, жыты алыстан аңкып, бою эки метрге чейин жетет. Түтүкчө сабактуу келип, данынан таттуу маңыз чыгат. Ал эми тамыры буралып, кара күрөң түстүү болот. Август, сентябрь айларында тамыры жана даны алынат. Дарылык касиети: тамыры жогору кан басымына, нерв органдарына, ашказан, жоон ичегилер жана башка суук тийгенге, денеден тер чыгарууга жана уйку безине пайдаланылат. Уругу бронхага жана алсырагандыкты калыбына келтирүүгө колдонулат.

Даярдоо ыкмасы жана колдонулушу: 700 грамм сууга, 15 грамм кереч чөбүнүн тамырын салып, 15 мүнөт кайнатат. Чоңдор үчүн 200 грамм, жаш балдар үчүн 50-100 граммдан 7-9 күн ичилет. Ал эми уругун кургатып ун сыяктуу абалга келтирүү керек. Тамак ичилгенден кийин үч маал түтүкчө менен оозду чоң ачып туруп тамактын түбүнө карай үйлөсө, бронха, астма жана башка тамак ооруларын айыктырат.

                      Сезим АСАНОВА

Жагымдуу тери үчүн азыктар

Эгер сиздин териңизде сезгенүү пайда болсо, демек, организмиңизге А витамини жетишпейт. Бул витамин сары жана жашыл жашылчаларда бар. Сабиздин жана жашыл жалбырактуу жашылчалардын курамында кездешкен бета-каротин теридеги клеткаларды жаңылоого жөндөмдүү. А бул болсо жаштыкты узартуу дегендик. Бирок эсиңиздерде болсун, А витамини май менен жакшы сиңет, андыктан, сабизди өсүмдүк майы же сметана менен жегенде натыйжалуу болот. Сабиздин ширесин сыгып ичкиңиз келсе, ага бир аз сливки кошуп коюңуз.

Цитрус өсүмдүктөрү 

.

                                                                   Самара САЛАМАТОВА