Памирбек Асанов ички иштер министринин  орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Ал буга чейин ИИМдин Тергөө башкармалыгын жетектеп келген.  7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп кызматынан бошотулду. Мындай чечимди Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы чыгарып, Башкы прокуратурага юридикалык баа бериш үчүн жиберилди. Ал эми  ИИМдин буйругу менен Сапарбек Асаналиев Чүй облустук милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аталган облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяда башынан оор жаракат алып, учурда Москвада дарыланууда.