ИИМ ички териштирүү кызматы тарабынан министрдин орун басары Курсан Асановдун 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламындыкка жол берилгендигине тийиштиги боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканы боюнча маалымат таратты. Маалыматта: » Тергөөнүн жыйынтыгында Асанов кыргыз милициясынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылганы жана ишенимден кеткендиги үчүн министрдин орун басары кызматынан бошотулду— деп айтылат. Учурда тергөөнүн жыйынтыктарына юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Асанов 2011-жылдан бери министрдин орун басары болуп иштеп келаткан