УКМКнын төрагасы бүгүнкү басма сөз жыйынында Орозбек Опумбаев «өлкөдө төңкөрүш жасаш үчүн Алмазбек Атамбаев кан төгүшү керек болчу» деп билдирди. Ал өз сөзүндө:

-Ал эмне үчүн айланасына аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды жыйнады? Алардын ар бирине миң сомдон 4 миң сомго чейин төлөп турган. Бул милиция келгенде кагылыш кылыш үчүн уюштурулган. Ал үчүн атайын таштар да түшүрүлгөн. Өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ал кан төгүү керек болчу. Мен муну расмий түрдө ачык айтам- деди.