Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүнкү басма сөз жыйынында Атамбаевге «Адам өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголгонун айтты. Ал өз сөзүндө:

-Атамбаевге карата Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кабарлама берилди», — деди.