Бүгүн «Кабар» мамлекеттик агенттигине Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ичик иштер министри Кашкар Жунушалиев үчөө Алмазбек Атамбаевдин кармалышы жана ага байланыштуу окуя тууралуу журанлисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү. Башкы прокурор Жамшитов бүгүнкү күндө Атамбаевдин 120 мүлктөрү камакка алынганын кабарлады.