Бүгүн Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоону улантуу үчүн Москвага алып кетишкенин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков айтты. Маалым болгондой полковник Курманкулов 7-августтун түнүнөн бери эсине келбей, комада жатат.

11-августта Бишкекке Москвадагы Бурденко борборунан нейрохирург жана реаниматолог чакыртылып, алардын катышуусу менен консилиум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим кабыл алынган. Ошондой эле бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантуу жөнүндө чечим чыккан.