Өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен «Centerra Gold» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады. Маалыматта: буга чейинки каралган шарттардан тышкары “Центерра Голд” кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм,

12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм, бул фондго «Kumtor Gold Company» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр төлөнөт.

Ал эми Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм жана Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.

Кумтөр боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Центерра Голд» Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп катары кыргыз өкмөтү «Центерра Голдго» карата берген экологиялык доодон баш тартмак.

Жаңы шартка ылайык, кыргыз өкмөтү соттук доолордон баш тартабы — азырынча белгисиз.

Чынында жаӊы келишимде көрсөтүлгөн бул 27 миллион доллар жалпы коомчулук көптөн күткөн жакшы жыйынтык эмес. Кыргыз өкмөт дагы эле «далдырап» Кумтөрдүн алтынын казып жаткан «Центтерага» алданып, жемин жедирип жатат

avatar
  • Ысым:
  • Сиздин пикир *

Бардык пикирлер (19)

  • Аты-жөнү жазылбаган10,08,2019 21:27Бабандын колунан бок да келбейт, Текебаев гана маселени чече алат
  • 10,08,2019 21:24Текебеавдин жоктугунан азыркы бийлик пайдаланып жатат.
  • Мыйзамчыл10,08,2019 21:0616 млн.долларга эмнени чалгындаганы жатышат? Кошума жерди сурап жатышты эле ошол жерди берип чалгвндаткан жатабы окмот?
  • Кыргызстан10,08,2019 20:57Асылбек бийлеп турганда, Садыр турмодо жатканда Кумтор эч качан биздин пайдабызга чечилбейт!
  • Аты-жөнү жазылбаган10,08,2019 20:57Сокенин башын Кумтор аферасы жутат….эмитен уруксат берди…

дагы пикирлерди жүктөө

Башка жаңылыктар

  • Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калды
  • Самат Курманкуловду дарылоо үчүн Орусиядан дарыгерлер келет
  • “Адилеттүүлүк үчүн” комитети: «Апрелдин» жабылышы — көз карандысыз медиага басым
  • Москвада Любовь Соболдун кеңсесине полиция кирип барды
  • Өкмөт Кумтөр боюнча “Центерра” менен мунаса тапканын жарыялады
  • Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы каралууда (видео)
  • Орусия: аскер полигонунда сыноо учурунда беш адам өлдү
  • Министрлик: «Апрель» кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камоого алынды

Күндүн темасы

  • Атамбаевдин иши тергеле баштады
  • Кой-Таштагы окуялардын укуктук өңүттөрү
  • Бабановдун келишинин табышмагы
  • Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калды

Азаттык үналгысы © 2019 RFE/RL, Inc. Бардык укуктар корголгон.LG