Грузияда өткөн грек-рим күрөшүү боюнча Эл аралык турнирдин жеӊүүчүлөрү кыргыз балбандары Жолчубеков Каныбек менен Жоламан Шаршенбеков болушту. Экөө теӊ 60 кг. салмак бирдиги боюнча күч сынашып, Гурзия, Индия, Ирандан келген 7 балбанды чоӊ айрыма менен утуп, финалга чыгышкан. Бирок эки балбан теӊ Кыргызстандын намысын коргоп жаткандыктан, Жолман Шаршенбеков Каныбек Жолчубековго жол бошотуп, аны менен финалда күрөшүүдөн баш тартты. Себеби, ал Жолчубековдон 10 жашка кичүү жана экөөнүн теӊ кичи мекени Талас. «Улууга урмат, кичиүүгө ызат» — деген ушул эмеспи. Ошентип, бул Эл аралык турнирде биздин эки балбан бүт дүйнөгө жакшы үлгү көрсөтүп коюшту. Азаматтар деп айткандан башка сөзүбүз жок! Бар болгула, кем болбогула, биздин элдин сыймыктары!

Гран-при Тбилиси: Жолчубеков и Шаршенбеков не стали бороться в финале

Гран-при Тбилиси: Жолчубеков и Шаршенбеков не стали бороться в финале

Опубликовано Sport АКИpress Пятница, 9 августа 2019 г.

Эске сала кетсек, быйыл айтылуу балбаныбыз Раадбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган турнирде да эки балбан беттешип, Жолчубеков жеӊишти камсыздаган