Бүгүн Бишкекте 7-августтун түнүндө Кой-Ташта Атамбаевди кармоо оперциясынын учурунда каза болгон спецназ Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Акыркы коштошууга УКМКнын төрагасы Опумбаев баштаган бийликтин бир катар өкүлдөрү келишти.

Подполковник Ниязбеков УКМКга караштуу «Альфанын» командиринин орун басары эле. Маркум Кой-Таштагы операцияны жетектеп жүргөн. Ал Ноокат районунда 1972-жылы туулган. 2000-жылдан баштап «Альфанын» Ош шаары боюнча бөлүгүндө иштеп баштаган. Быйыл февраль айынан баштап УКМКнын «Альфасында» командирдин орун басары болуп иштеп жаткан. «Эрдик» медалы ж.б сыйлыктар менен сыйланган. Маркумдун артында жубайы Назгүл, 4 баласы калды. Кичи баласы 5 жашта. Президент Сооронбай Жээнбеков ЖК жыйынында сүйлөп жатып, маркум Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева жакында Ысык-Көлдө өткөн «Мекендештер» форумуна келип сүйлөп, көйгөйлүү маселени айтканын билдирип, ага көӊүл айтты.

Маркумга ушул жылдын сентябрь айында кезектеги аскердк чин ыйгарылмак…

УКМКнын төрагасы Опумбаев ага полковника чинин бере турганын ЖК жыйынында билдирди.