Атамбаевди колдогон КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын адвокатка шилтеме кылып айтканына караганда, Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат.