Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы 8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин медициналык жардам сурап 52 адам кайрылганын, алардын ону ооруканага жаткырылганын маалымдады. Жалпысынан эки күндө жабыркагандардын саны 98ге жеткени айтылган. Алардын 25тейи күч органдарынын кызматкерлери. Подполковник Ниязбеков атылган октон улам каза тапкан. Ал эми Чүй облусунун милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, ага эки ирет операция жасалган.

Учурда ооруканада жаткандардын саны 20 адам, алардын 13ү Травматология жана ортопедия борборунда, үчөө Чүй облустук ооруканасында, төртөө Улуттук госпиталда.