Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети качкын саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Бул билдирүүнү атайын кызмат 9-августка караган түнү таратты. «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү чечкен. Буга чейин эки ирет келе турганын жар салганы менен келе албай калышы мүмкүн. Ал ушундай саясый кырдаалдан улам пайдаланып калууну көздөгөнү көпчүлүккө маалым болуп турат.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Москвада.