Көк-Жар айылынын тушунда милиция кызматкерлери тизилип турган тосмону жаалданган топ жарып өткөнү маалым болду. Алар алгач «Форумга» чогулуп, андан соӊ Кой-Ташка баратышкан.

Жол тосуп турган милиция кызматкерлерине 200-300дөй адам таш ыргытып, милиция кызматкерлери качып кетүүгө аргасыз болушту.

Окуя Бишкектен Кой-Ташты көздөй бара турган жолдо, Кой-Ташка 8дей чакырым алыс жерде болду.