Баш ооруда адатта такай аспирин же дагы ооруну басуучу таблеткаларды иче калышат. Бирок, учурда дарыларды өтө эле көп пайдалангандыктан кээ бир дарылар бир ооруну басып, экинчисин пайда кылып жатат. Ошондуктан баш ооруну үй шартында дарысыз басуу тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

Жалбыздын майы

Башыӊыз сайгылашып же желкеӊиз тартып ооруп жатса, жалбыздын майы бул учурда эӊ мыкты оору басуучу каражат болуп саналат. Жалбыздын майын бир эле баш ооруга эмес ич оору же башка ооруларда да колдонуп жүрүшөт. Ал ооруну басаӊдатат. Аны ичпейсиз, болгону ооруган жерге сүйкөйсүз.Эгерде сизде майга аллергияӊыз болсо, анда зайтун майына аралаштырып сиӊгенче укалап сүйкөйсүз.

Суу

Таблетка ичпей суунун өзүн ичкенге аракет кылыӊыз. Окумуштуулар сууну такай ичүү менен баш оорудан толук айыкса болот дешет. Негизи адамдар бир күндө организмге жетишээрлик суу ичишпейт. Ал эми чай, кофе, газдалган суусундуктар организмдеги сууну чыгаргандан башка пайдасы жок. Баш оору организмдин балансында суу аз калганда да пайда болот.

Алма кычкылдыгы

Алма кычкылдыгын ашканада кеӊири колдонуп келгенибиз менен дарылоодо аз колдонобуз. Дал ошол кычкылдык тээ илгертен бери жараларга, чөп ысытмасынан баштап кандай оору болбосун колдонулуп келет. Эгерде сиздин башыӊыз лукулдап ооруса алма кычкылдыгын колдонуп көрүӊүз.

 Кантип колдонот?

Алма кычкылдыгын ичпейт, баш ооруда мискейге же чуӊкур табакка ¼ чыны алма кычкылына 3 чыны кайнак  суу кошуп жүзаарчы менен бетиӊизди 5-10 мүнөт буулайсыз. Андан кийин бир стакан суу ичип коесуз. Башыӊыздын ооруганы басылат.

Имбирдин тамыры

Имбирдин тамыры да жогоруда айтылгандарга окшоп эле баш ооруну жана көӊүл айнууну басат. Баш ооруну басыш үчүн имбирдин тамырынан даярдалган бир чыны чай ичип койсоӊуз жетиштүү. Ал чайды даярдоо да оӊой. Имбирдин тамырынан 3 кургатылган бөлүгүн алып жай отто 2 стакан сууга 30 мүнөт кайнатасыз.

Бадам

Баш ооруну басуучу табигый каражаттардын катарында бадам да бар. Мээнин чыӊалуусунан улам көптөрдүн башы ооруйт. Бадамдын курамында салицин болгондуктан ооруну басат. Башыӊыз ооруганда 2-3 бадам жеп койсоӊуз оорунун басаӊдап баратканын туясыз.

Баш ооруну басаӊдатуучу ыкмалар

Өзүн бош кармап, дем алуу

Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот, стресс, мээнин чыӊалуусу… Дене ага реакция берип, булчуӊдарды байлайт, мындайча айтканда булчуӊдарды чыӊалтат. Ошонун негизинде баш оору гана эмес башка оорулар да башталат. Андай учурда адам өзүн бош кармап тереӊ дем алуусу керек.

Медитация

Медитация адам өзүн бош кармоого, ойду бир жерге топтоого жардам берет. Абдан оор күн болгондо 15 мүнөт медитация кылуу менен чыӊалууну жаза аласыз.

Дем алуу

Сиз өзүӊүздү туура дем алып атам деп ойлойсуз. Бирок, сиздин башыӊыз ооруп жатса, демек жетиштүү кычкылтек ала албай жатасыз. Баш ооруп жатканда тереӊ жана бат-баттан дем албайбыз. Башыӊыз ооруганда катуу дем алып, аны кармап кайра демиӊизди болушунча катуу чыгарып бир нече мүнөт кайталасаӊыз баш оору басаӊдай түшөт.

Ийинди ылдый түшүрүӊүз

Мындайды күнүгө 5-6 жолу кайталаӊыз. Биз бүкүрөйүп калбайлы деп ийнибизди туура эмес көтөрүп алуунун кесепетинен моюн булчуӊдары чыӊалып, баш ооруга алып келет. Ошондуктан, кээ бир убактарда маал-маалы менен ийинди ылдый түшүрүп, өзүӊүзгө ыӊгайлуу абалга келип турганыӊыз жакшы.

Ысык же муздак компресс

Баш оору ар кандай учурда болот. Кээ бир учурда кан тамырлардын ичкеришинен болсо, кайсы бир учурда кеӊейгендиктен пайда болот. Ошондуктан баш ооруганда ысык жана муздак компресстин экөөнү теӊ кайталап көрүӊүз. Кайсынысы баш ооруну басса ошого ыктаӊыз.

P.S. Эгерде баш оору такай болсо сөзүз дарыгерге көрүнүп, керектүү жардамды алганыӊыз оӊ.

 Самара САЛАМАТОВА