.Диеталогия жаатында эмгектенген америкалык окумуштуулар, адам күнүнө жеши керек деп 3 жемиштин атын атады. Алма, сабиз жана грек жаңгагы организмди керектүү витаминдер жана антиоксиддер менен толуктап, тамак сиңирүүнү жана баш мээнин иштешин жакшыртат деп кабарлайт  РИА VistaNews.

1-орунга диетологдор алманы сунушташкан. Алар мыкты антиоксидант эле болбостон, жашоо процессинде организмге өтө пайдалуу делген көптөгөн витаминдер менен минералдарды камтыйт.

Ал эми сабизде, бардык организмге керектүү А витаминин бай экени жатат. Андан тышкары, ал тамак сиңирүүнү жана жоон ичегинин иштешин жакшыртат.

Холестеринди бир калыпта кармап жана артериалдык кан басымга грек жаңгагыжардам берерин окумуштуулар ишенимдүү билдирет.  Грек жаңгагында, сосуддардын жана баш мээдеги кан айланууну иштешин жөнгө салуучу бир топ витаминдер менен биологиялык активдүү азыктар бар.

Окумуштуулар кошумчалагандай, аталган азыктарды адамдар күнүнө жегенге аракет кылышы керек  жана алар табигый түрдө болсо жакшы.

Мейиз менен суунун кайнатмасы боорду тазалайт

Боордун токсиндер менен кирдеп кетиши көптөгөн коркунучтуу ооруларга жол ачышы мүмкүн. Ошондуктан, тазалоо өтө зарыл. Андыктан буга эң сонун элдик рецепт бар. Биздин организм сууга муктаж. Ага мейизди кошсоңор, боорду тазалаганга мыкты дары болот.  Башка жашоого зарыл органдардын ичинен боордо  белоктор көп жана ал канды тазалап турат.

Боордун кургап кетиши, А,В жана С сарыгы өтө коркунучтуу оору. Изюм кошулган сууну ичип боорду 2 күндө тазалоого болот.

Даярдоо ыкмасы:

Бир аз жакшы кара мейизди алып, аны мискейдеги 3 стакан сууга кошуңуз. Мейизди 2 минутадай кайнатып, аны 24 саат тийбей коюп коөсуз. Келерки күнү бир чыны ичип аласыз. Кайнатманы ысык да, муздак да, жылуу да ичсе болот. 2 күндөн кийин жыйынтыгы билине баштайт. Мындай дарыланууну 1 жума калтырбай ичиңиз. Аталган процесс убагында,  майлуу тамактарды азайтып, спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз.