—Саида эже, биз сизди бир катар жылдардан бери облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси катары билип келдик. Дайыма иш үстүндө жигердүү аракетиӊизди көрчүбүз. Бирок, сиздин жеке турмушуӊуз тууралуу жакшы билбейт экенбиз. Өзүӊүз жөнүндө айтып бериӊизчи.

—Мен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин деген айылында 1969-жылы төрөлгөм. Себеби, ата-энем ошол жылы жогорку окуу жайын аяктап, жолдомо менен Ат-Башыга жиберилген экен. 5 бир тууганбыз, 4 кыз, бир эркек. 1973-жылы Караколго көчүп келгенбиз. Мен мектепте окуп жүргөндө мугалим болгум келчү. Андыктан, Пржевальск  педогогикалык окуу жайынын орус тили жана адабияты факультетине тапшырдым. Аны ийгиликтүү аяктаган соӊ, Ак-Суудагы балдар санаторийинде мугалим болуп эки жыл иштедим.

  Атамдын кесиби педогог болгон менен, Караколго келгенде эле ички иштер кызматына иштеп кеткен. Бул тармакта 25 жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан, милициянын майору болду. Апам болсо Каракол шаардык ИИБде паспорт столдун башчысы болуп 30 жыл эмгектенди.

Мен чынында милицияда иштейм деп ойлогон эмесмин. Институтта окутуучу болсом дечүмүн. Бир жолу атам «облустук ИИБде кадрлар бөлүмүнө ылайыктуу киши табылбай жатат, иштеп көрбөйсүӊбү» деп калды. Макул болуп, алгач инспектор болдум.  Ошентип, милициянын жумушу мени өзүнө арбап алгандай болду. Ишиме көнүп алдым. 1997-жылдан баштап 2018-жылдын аягына чейин кадрлар бөлүмүндө эмгектендим.

Негизи милицияга кайраттуу адамдар келет экен. Күнү-түнү иштеп келишет. Ошого карабай, укук коргоо органдарынын арасында эӊ аз айлык маяна менен иштеген дагы милиция кызматкерлери. Командировкага өз каражаты менен кеткен учурлар көп болот.  Андыктан, мамлекет тарабынан аларга көӊүл бөлүнсө, жашоо-шарты оӊолсо жакшы болор эле.

 Эми, чынында өмүр бою ички иштер кызматкерлери менен үзөӊгүлөш иштедиӊиз да. Сиздин эсиӊизде өзгөчө сакталып калган окуяны айтып бере аласызбы?

—Албетте, биз кылмыш ачууга катышпайбыз. Ошентсе да, 2002-жылы февраль айында болгон окуя менин жүрөгүмдө сакталып калды. Ошол күнү Караколдо резонанстуу кылмыш болгон. Өспүрүм эки кызды өлтүрүп, славяндардын мүрзөсүнө таштап кетишкен.  Анын бирөөсү менин жанымда иштеген Рахат деген жигиттин кызы, бири балдызы болчу. Бул окуя баарыбыз үчүн чоӊ трагедия болгон. Азыр Рахат жаныбызда жок, арты кайрылуу болсун. Жакшы жигит эле, спорт менен машыкчу. Кылмышкерлер балдызын зордуктап, эки кызды теӊ муунтуп өлтүрүп койгон.

Негизи биздин бөлүм кылмыш ачканга катышпайт. Ошондо Муканбеткалый Коӊкошев начальник болчу. Баарыбызга “кичинекей илинчек информация болсо да тапкыла” деген тапшырма берди. Территорияларга бөлүнүп алып иштедик. Бөлүнгөн аймактагы ар бир үйгө кирип, маалымат жыйнаганбыз. Ар бир жолуккан адам менен сүйлөштүк. “Кан коё бербейт”-деген чын экен. Бул кылмыш биздин кызматкердин аялы аркылуу ачылган. Биз ошентип кылмышкерди издеп жаткан учурда эки кылмышкер автовокзалдан түнкү автобуска түшүп Бишкекке жөнөгөн экен. Биздин кызматкердин аялы алардын артындагы орундукка олтуруп калган. Бир маалда экөө сүйлөшүп жатканын угуп калат. Бири «Сен жасаган ишке өкүнүп жатасыӊбы, коркпо, Бишкекке жетип алсак эле бизди таппай калышат» деп айтып жаткан. Ал келин Сары-Булак деген айылдан түшүп калышы керек экен. Түшүп баратып, айдоочуга «Менимче, резонанстуу кылмышка катышкан эки кылмышкер автобуста, мынчанчы орундукта олтурат. Сиз алар автобустан түшө электе сөзсүз милицияга бериӊиз. Мен сиздин номерди жазып калам» деген экен. Ошентип, айдоочу Ананьевадагы милицияга айтып, кылмышкерлер кармалышкан. Рахат болсо бул окуядан кийин моралдык жактан чоӊ басымга кабылды, үй-бүлөсү менен ажырашты.  Кийин каза болуп калды. Бул баарыбыз үчүн чоӊ бир кайгы эле.

Сизди өз жумушуна берилген айым катары билем. Үй-бүлөдө кандай аялсыз?

—Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Ар бир аял үчүн эле ушундай болсо керек. Кызыбыздан эки неберебиз бар. Уулубуз үйлөнө элек. Албетте, үй-бүлөмө өзүм каалагандай көп убакыт бөлбөгөнүмө өкүнөм. Күйөөм да, балдарым да менин ишимдин түйшүгүн түшүнөт. Алар мени дайыма колдоп келишти. Жолдошум Рустам дунган улутунда. Ал болбосо мен жашоодо бүгүнкү жеткен нерселерге жетмек эмесмин. Өзүнүн кесиби айдоочу-механик. Өз ишинин устаты. Мүнөзү жумшак, жигиттик жакшы сапаттардын ээси.

Дунган элинин аялдары тамакты даамдуу жасайт деп коёт го. Сиз бул жагынан кандайсыз? Деги эле, сиздердин баш кошууну ата-энеӊиздер кандай кабыл алды?

—Биз 1989-жылы үйлөнгөнбүз. Албетте, эки жактын туугандары теӊ өтө каршы чыкпаса да, ар кандай сөз болгон. Биз таанышып, бир жарым жылдай сүйлөшүп, анан сүйүшүп калдык. Кай бирлер айтат, «кыргыз таппай калгансып» деп. Ушул көз караш менин жиниме тийет. Бул менин маӊдайыма жазылган тагдыр. Бул деген -турмуш, сүйүү. Мен аны менен баш кошконума эч убакта өкүнгөн эмесмин, эч убакта өкүнбөйм дагы. Ал эми, тамак-ашка келсек, жолдошумдун чоӊ энеси «кыргыз кыздар тамак даярдаганды жакшы билбейт. Өмүр бою жарма ичесиӊби» деп тамашалаган экен (күлүп).  Ошого карабай мен тамакты даамдуу жасаганды үйрөндүм. Бат эле туугандарынын, досторунун мактоосуна ээ болдум. Өзгөчө мен жасаган лагман, ашлянфуну жакшы көрүшөт.

—Ушунча жылдан бери кадрлар бөлүмүндө иштеп, кызматкерлердин баарын таанысаӊыз керек.

—Генерал Бакыт Алымбеков «Сен туулганда кадр кызматкери болуп туулгансыӊ» деп айтып калчу. Себеби, облуста канча кызматкер болсо, ар биринин аты-жөнүн, кайсы кызматта экенин айтып бере алчумун. Бул деле бекеринен эмес. Себеби, ошол адамдын баары биздин колдон өтөт. Ар бирине тиешелүү буйрукту даярдайсыӊ. Жумушка келгенден баштап, звания алганын, кызматка көтөрүлгөнүн жазасыӊ. Сүрөтү, өмүр баяны, ал тууралуу маалымат бизге келет. Бир жумада 10 кишиге буйрук түшөт, анан аны эстеп калууга толук мүмкүндүк болот.

Ар кимде эле андай жөндөм жок, Саида эже, ишенип коюӊуз.

Демек, сиз бул жашоодо бактылуусузбу?

—Албетте, мен бактылуумун. Мен үй-бүлөм, балдарым, бир туугандарым менен бактылуумун. Мен атамдын, апамдын жолун жолдогонума ыраазымын. Бирге иштеген кызматакерлерден урмат-сый  сезем. Мени эс алууга ардактап узатышты. Ойлосом, 22 жыл бир орунда иштепмин. Анан 50 жашыӊда жаш балдардын жанында катарда тизилип турган да оӊой эмес экен. Эс алайын дедим. Бизге жаӊы борбор ачылып, ошого келдим. Жумуш тынч. Азыр мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун ага тескөөчүсүмүн.

Албетте, иш бир чети кызык, бир чети оор. Менин тагдырым милицияга буюруптур. Мен ага өкүнбөйм. Дагы да колдон келген кызматымды көрсөтө берем.

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА