—Назаркул агай, мамлекеттик тилибиздин көйгөйү улам барган сайын оркоюп көрүнүп жатат. Бул маселени чечүүгө сиздер тараптан кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Мен бул мекемеде 2017-жылдын январь айынанбери иштеп жатам. Мен улуттук университетте тил маселеси боюнча проркутор болуп иштеп турганда, Билим берүү министринин орун басары кылышты. Ошол жерде иштеп жатканда тил маселеси көтөрүлүп,  мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 5 жылдык атайын программа түзүлүп, аны ишке ашыра турган комиссия түзүлгөн. Мен ал программаны түзүүгө баштан  аяк катыштым. Коргоо кеӊешинде да бул маселе каралып, кабыл алынгандан кийин, биринчи жолу каржы булагына ээ болду. Андан кийин, президенттик аппарат индакаторун түзүп,  өкмөттүн атайын токтому чыгып, каржы булагы 4кө бөлүндү. Ошол 4 багыттын бир багыты боюнча 21 млн. 600 миӊ сом бөлүнгөн. Бул акчага тил багыты боюнча 4 багытта китептер чыгарылды. Экинчи багытта болсо Улуттук илимдер академиясына да каражат каралган. Алар кыргыздын чыкпай жаткан кол жазмаларды ж.б. чыгарышып, көп китептерди чыгарып, абдан жигердүү иштеп жатышат. Каражаттын эӊ чоӊ бөлүгү Билим берүү жана илим министрине бөлүнгөн. Мына ушул каражаттар менен тил көйгөйүндөгү өнөкөт ооруларды айыктырып, толук кутула албайбыз. Билим берүү системасында эки чоӊ система турат. Биринчиси мамлекеттик тилди  орто мектептерде,  башталгыч кесиптик окуу жайларда, жогорку окуу жайларда  толук окутуп, билим берүүнү бирдей структурага алып келишибиз керек. Биз мурун жөн эле окуп келгенбиз да. Ушул боюнча бизге мурун кыргыз тилди окугулары келбей жаткандыгы боюнча көп каттар келген. Себеби, кызыгуу аз, муктаждык жокко эсе болуп келди да. Чынында муктаждыкты жаратуу жана тилди өнүктүрүүнү биз билим, илим жаатынан абдан дыкаттык менен колго алуу зарылдыгы келип чыкты. Эми мындан ары илим багытында иштеп, илимпоз болом дегендердин баары (илимдеги багытына карабастан) сөзсүз түрдө  аспирантурага өтүп жатканда сөзсүз түрдө  мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Мурун мындай ыкма жок эле да, эми киргиздик. Мына быйыл 3 жылга кетти.  Экинчиси, кандидаттык минимумду  да мамлекеттик тил боюнча милдеттүү түрдө тапшырат. Мындан тышкары, илимдин кандидаттыгын жактай турган адам өзү тандап алган эмгектин автор катары орус жана кыргыз тилдеринде жазууга милдеттүү. Буга чейин орус тилинде гана жазып, мамлекеттик тилде жазбай келишкен.   Бул деген сөз эми мамлекеттик тилди тиешелүү деӊгээлде билбегендер  илимпоз, мындайча айканда илимдин кандидаты, доктору боло албайт.

Бул эми абдан чоӊ  маселе, чоӊ иш да. Каражат жана жыйынтык маселеси  кандай болуп жатат?

—Туура, абдан чоӊ иш. Биз бул ишке каражат сарптаган жокпуз. Чоӊ эмгек, чоӊ күч менен ишке ашырып жатабыз. Эӊ негизгиги уюштуруучулук маселесин иреттүү жүргүзүү зарыл. Биз программасын баарын камсыздап бердик. Жыйынтык да жаман эмес, жакшы. Азыр илимпоз болом дегендердин баары теӊ ушул эрежени туура түшүнүп калышты. Ошондой эле, быйылкы жылдан баштап биздин мамлекеттен айрым учурларда Россиядан, Казакстандан, Таджикстандан, Өзбекстандан ж.б. мамлекеттерден келип илимди жактап жаткандар да бар да. Алар да мамлекеттик тил боюнча кандидаттык минимум тапшырууга милдеттүү болуп калышты. Жакында Казакстандан жана Таджикстандан келип илимди жактагандар бул талапты аткарбагандыктан улам өтпөй калышты.  Негизи эле биз тил боюнча зарылдыктардын системасын түзбөсөк анда тил өнкүпөйт. Ошондуктан биз ушул маселеге басым жасап жатабыз. Дагы бир иш-аракетибизди айталы. Биз былтыр баардык министрликтерде, агентикттерде мамлекеттик тил маселеси боюнча  мониторинг жасадык. Мына ошондон кийин өкмөттүн токтому чыкты. Эми баардык мамлекеттик, муниципиалдык  кызматкерлер 2020-жылы тил боюнча А-2 деӊгээлиндеги, 2021-жылы В-2 деӊгээлиндеги сертификатка ээ болушу керек. В-2 дегенибиз президенттер сынак берген деӊгээл. Түшүндүрмөсү кыргыз тилинде эркин жаза алат, эркин сүйлөйт алат.  Эгер мындай сертификатка ээ боло албаса, анда анын кызматтык абалы каралат. 

—Бул маселе жакшы экен. Бирок дагы бир көйгөйдү айтайын. Сиздер үйдү фундаментинен эмес, чатырынан баштап куруп жаткан жоксуздарбы? Себеби, тил маселесин бала-бакча, мектептерден баштоо зарыл да. Мисалы, Бишкекте 100 мектеп болсо, ошонун 95и орус  мектеп. Анан баарында орус тилине басым жасалат. Анан орус тили менен билим алгандарды илимге, мамлекеттик кызматка келгенде тил билбейсиӊ да катуу талап койгонубуз чынында эле кыйынчылыктарды жаратат да…

—Абдан туура айтасыз. Биз көп жылдар бою бир эле айлампада айлана бериптирбиз. Эми биз ал бир айлампа эмес, спирал түрүндөгү айлампага чыктык. Мына ушунун өзөгү деӊгээлдер боюнча окутууну түзөт. Билим берүү министрлигине  да ушул маселе боюнча абдан катуу талап коюп жатабыз. Министрлик эми бардык билим берүү мекемелеринде деӊгээлдер боюнча система түзүп, тиешелүү шарттар менен камыздап бериши зарыл. Мисалы, билим берүү программасын өзгөртүү, окуу методикалык комплекстерди жаӊылоону даярдоо. Бул маселеге атайын каражат да бөлүндү. Баары бир күндө боло калбайт экен. Буга убакыт керек экен.

Кудай буйруса, керектүү убакыттын ичинде жакшы жыйынтык болуп калат деген үмүттөбүз. Быйыл республиа боюнча 5 миӊ окуучу “Кыргызтесттен” өттү. Эми 2021-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө (орус, кыргыз, өзбек мектептерине карабастан баарын тегиз )мамлекеттик тил жана кыргыз адабияты боюнча сабактар өзүнчө  сынак катары кирет. Бул иш-аракет толук кандуу ишке ашып калса, анда биздин республикадагы мектептер орус,кыргыз, өзбек дебей, мамлекетти тилге болгон мамиле кыйла өзгөрөт. Окуучулар мындан ары мектепти бүтүп жатканда  мамлекеттик тил боюнча В-1 деӊгээлиндеги (мамлекеттик тилди толук  кандуу билет деген тастыктама) сертификат алып чыгышы керек. Эгер андай сертификатка ээ боло албай калса, билимин андан ары улантууга сынактарга катыша албайт. Ал эми мектепти, жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин ар бир окуучу, студент мамлекеттик тил боюнча В-2 деӊгээлиндеги сертификат алып чыгышы керек. Мына ушул сертификатка ээ болгондорго түз эле мамлекеттик кызматка өткөнгө шарт түзүлөт. Мына ушул айтылган иш-аракет мамлекеттик тил боюнча зарылдыкты, муктаждыктарды жаратуу болуп эсептелет. Чынында тилге муктаждык жаралбаса, ал тилде эч ким сүйлөгүсү деле келбейт да.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев