Өкмөттүн басма сөз кызматы көчмөндөрдүн улуттук оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөнүн маалымдады. Маалыматта: аталган топ Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча иш планды иштеп чыгаары айтылат. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусунда Көчмөндөр оюндары быйыл сентябрь айында өтөөрүн билдирген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага жалпысынан 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ал учурда бул оюндарды өткөрүү кезеги Түркияга өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Быйыл өкмөт көчмөндөрдүн улуттук оюндары эми Кыргызстанда аймактарда өткөрүлөрүн жарыялаган.