Бишкек мэри Азиз Суракматов көп орундуу, газ менен жүрө турган автобустарды алып келүү боюнча Түркиянын “Анадолу групп” холдингинин башчысы Тунжай Өзилхан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын мэриянын басма сөз кызматынан маалым болду . Эки тарап бул келишимге Стамбул шаарында меморандумга кол коюшкан. Маалыматта: “Байлыгы 1,6 млрд. долларга бааланган түркиялык ири ишкер Тунжай Өзилхан Бишкек мэриясына заманбап, көп орундуу автобустарды алууга 15 жылдык мөөнөт менен жылдык үстөгү 1,7% болгон жеңилдетилген насыя берүүгө ниеттенүүдө.
«Анадолу Исузу» компаниясы чыгарган автобустар тууралуу болуп жатат. Бул Европадагы автобус чыгарган алдыңкы компаниялардын бирине кирет. Ал 26 өлкөгө автоунаа экспорттойт. — деп айтылат.

Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн дагы 800дөй автобус керек.