2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо ишинде коррупцияга аралашкан деген негизде Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов сегиз айдан бери №1 убактылуу тергөө абагында отурганынын анын жактоочусу Майрамбек Жумабеков бүгүн айтып чыкты.

Ал: “Ипподромдун курулушуна бөлүнгөн 10 миллион сомду Касенов жана курулуш компаниясынын жетекчиси өз ара бөлүп алган деген күнөөнү коюп жатышат. Учурда сот иши жүрүп, күбөлөр суралууда. Бул Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо чырына байланыштуу жаңы жагдай. Буга чейин да соттолуп, сот өкүмү чыккан”, — деди.

. Маалым болгондой буга чейин буга чейин ипподором чырына байланыштуу ишкер, «Темир Канат» ишканасынын директору Эркинбек Мергенбаев камакка алынган, ал эми Касеновдун камалганы тууралуу маалымат айтылбай келген.

2018-жылы августта Бишкек шаардык соту аты аталгандар боюнча өкүм чыгарып, Эркин Мергенбаевди алты, Алмаз Касеновду шарттуу түрдө беш жылга кескен.
Ал 2014-жылы Биринчи көчмөндөр оюндары өткөн жылы Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Улуттук оюндар борборун жетектеп турганда ат майдандын курулушуна жооптуу болгон.