ӨКМ: “Азаттык” агенттигинин «Болжолдуу маалыматтарда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда» маалыматы боюнча, төмөнкүнү билдирди. ӨКМ уран иштетүүгө тиешеси жок, ал эми 2019-жылы уран калдыктарын рекультивациялоо иштерине тендер өткөрүлгөн эмес, ошондой эле уран боюнча тендерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, РОС АТОМ тарабынан өткөрүлөт. Уран калдыктарына байланыштуу тендер 2017-жылдан бери өткөрүлө элек. Нурбек Жолборсов Өзгөчө кырдаалдар министрдин кеңешчиси болуп эмгектенет. 2019-жылдын 1 –июлунан тарта эмгек өргүүгө чыккан.

Ал эми министр Мирзахмедов өзүнүн кеӊешчис жана бул иш боюнча пикирин sputnik.kgге мындайча билдирген:

Ал 1-июлдан тарта эмгек өргүүгө чыгып кеткен. Тендер боюнча кармалды деп жазышууда, бирок биз 2017-жылдан бери бул иш менен алектенбей калганбыз. Уран калдыктары боюнча тендерлерди РОСРАО ишканасы өткөрөт. Ал боюнча дейин десек, дал келбейт да. Быйыл такыр тендер өткөрүлгөн эмес. Азыр тергөөнүн купуялуулугун кармашат экен. Биз да изилдеп жатабыз. Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын, себеби тергөөгө тоскоол кылып коёбузбу деп коркосуң.»
Нурбек Жолборсов мурда Жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы бөлүмүндө, мэриянын жаштар комитетинде иштеген экен. Аны кызматка өзүм чакыргам. Медиа тармагында идеясы күчтүү бала болчу. Жакшы идеяларды айтып, ишке ашырып келген» , — деген.

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси — «Коррупция» боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта: «Сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалгандыгы айтылат. Ал эмиМамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 6-сентябрга чейин камалганын билдирди.