(Аңгеме)

“Капитан” бүгүн жумушуна күндөгүдөй шашкан жок. Болбосо демейде талаа жалгыз гана аны күтүп тургандай, таң эртелеп тракторунун көк түтүнүн булата айдоо аянтында жүрчү эле. Азыр болсо апасы койгон чайды шоркурата ичип, анын маңдайында ар нерселерди айтып олтурат. Анан гана көчөгө “көк тулпарын” айдап чыкты. Кечээ колхоз башкармасы: – Бүгүн түнгө чейин иштеп, жумушту жакшы арбыттың. Эртең шашпай эле чыксаң болот, – деген.

 Аны айылдаштары “Капитан” деп койгон менен, өз аты – Калдыбай. Аскерден кызмат өтөп келгенден кийин эле ушинтип Капитан атка конду. Мурда кадимкидей эле жаш жигиттин бири болчу. Бирок, аскерге барып келгени кичине акылынан айныгандай болуп калды. Өзү эмгекчил болгону менен, ар нерсени ойлонбой сүйлөй берет. Эл арасында “Аскерде жүргөндө, бирөө башка чаап салган го? Стресс болгон го?” деген эле божомолдор айтылып жүрдү. Ал аскерде кандай жүргөнүн сурап калгандарга: “Мен капитан болуп келдим” деп жооп бергенден тажачу эмес. Ошентип, өз аты Калдыбай өчүп, Капитан атка конгон.

Капитан тракторун айдап келе жатып, жол боюндагы китепкананы көрдү. Күндө эле ушул жерден өтчү эле. Анан эмне буга таптакыр көңүл бурган эмес? Тракторун токтотуп, андан тартактап түштү да, китепкананын каалгасын ачты. Аны көргөн китепканачы алгач чочуп кетип, анан гана анын ыржайып күлүп, уялыңкы “Китеп алсам болобу?” деген суроосунан соң, будалана түшүп: “Кел, жаздырып коюп, каалаган китебиңди ала бер” деп жооп айтты. Капитан өзү шадылуу кара тору, чачы тармалдашып кеткен сымбаттуу жигит. Акылынан айнып калбаганда, аны айылдагы далай кыздар сүйүп калат эле.

Киши боюндай катар-катар текчеде тизилген китептерди аралап жүргөн Капитан башы айлангандай болду. Муну кармайт, тигини кармайт. Кара китеп, сары, жашыл, сүрөтү бар, сүрөтү жок китептер. Китепканачы анын абалын түшүнө коюп, жанына жакын турган бир китепти-Алексей Толстойдун илгери кыргызча которулган “Петр Биринчи” деген китебин сунуш кыла салды. Китепканачы, “буга эмне окуса деле баары бир эмеспи” деп ойлогон ичинен.

Бирок, Капитанга баары бир эмес эле. Башка окурмандардай ал үстүртөн окубай, терең кунт коюу менен окуган экен. Бул анын биринчи жолу окуган көлөмдүү китеби болчу. Балким, мектепте окуп жүргөндө бирин-эки жомок же аңгеме окуган чыгар. “Алдар көсөнүн жоруктары” деген бир китептен башкасы такыр эсинде жок. Ал эми бир жарым айдын ичинде үңүлүп окуп чыккан “Петр Биринчи” эмнегедир ага катуу таасир этти. Айрым жерлерин барактап эки сыйрадан окуп чыкты. Капитан ошол  китепти окуп бүткөндөн кийин өзүн башкача сезип, такыр эле өзгөрүп кеткенсиди. Анан бир күнү самандын үстүндө күнгө кактанып жатып, өзүнчө ойлонду: “Мен эмнеге Петр Биринчидей боло албашым керек?”

Ал эл чогулган жерде турса да, бирөө менен жолукса дагы Петр Биринчи жөнүндө, анын жорук-жосундарын айта берчү болду. “Мен дагы ошондой болом” деп алдына бир белгисиз максат койгону билинип турду. Айылдын жарымынан көбүнө ал Петр Биринчинин өмүр баянын айтып берүүгө үлгүрдү. “Ошол адамдай болуш керек, ошондо биздин жашообуз жакшырат. Түшүнгүлө! Китепканада “Петр Биринчи” деген китеп турат, алып окугула. Жетпесе, кыдыртып окугула!” деп, оозуна келгенин оттоочу болду. Ошондон кийин анын Капитан аты өчүп, Петр Биринчи болуп калды. Жазгы талаа жумуштары аяктап, жайдын чилдеси болуп калган. Күз келгиче бош убакыт көбүрөөк. Ушул жыргал күндөрдө көлгө түшүп, күнгө кактангандын ордуна Капитан үйдөгү жашылчаларды отоп-сугарып коюп, “Мен кеме курушум керек” деген идеяны ойлоп чыкты. Себеби, алиги калың китепте кеме куруу жөнүндө көп сөз болот. Ошол анын эсине кыттай уюп калган экен. Көп алакетке түшүп, үйүнө чоң кайыкка окшогон “кеме” жасады. Жыгачтан жасалган кеменин сыртына толь чаптап, эми суу кирбейт деп ойлоп, жаны жай алгандай болду. Парусу болсо, өзүнүн эски шейшеби.

Капитан-Петр Биринчи үйдө энеси менен жалгыз турчу. Акыл-эсиненби, айтор, ушинтип 40 жашка чыккыча үйлөнбөй карт бойдок болуп жүргөн. Энеси карып калганына байланыштуу уулунун эмне кылып жатканына көп деле иши жок эле. Ошентип, алиги шейшепти паруска окшоштурду. “Кемени” күнү кечке көчөдө жеткинчектер менен эптеп арабага жүктөп алып, ат менен көлдүн жээгине алып барды. Коркпостон кайыгын көл үстүнө коё берип, “бысмылда” деп ичине түштү. Анын кемеси сүзүп жөнөдү. Мына эмесе. “Петрдын” да кабагы ачылып, алыс жакты карайт. Өзүн чын эле Петр Биринчи элестетип, салабаттуу, ойчул боло түшкөндөй сезди. Бирок, кемеси 30-40 метр барганда эле сууга чөгө баштаса болобу. Кеме менен бирге өзү да чөгүп кетмек. Кудай жалгап аны балыкчылар көрүп калып, суудан сууруп чыгышты. 

Петр ушу менен “Петр” болгонду токтотушу керек эле. Бирок, китептин таасири оңой эмес да. Ал дагы эле ар нерсени ойлоно берчү болду. Ошондой оргуштаган ойлор менен олтуруп, “кемеден пайда жок экен, алиги китептегидей өз алдымча аскер курамын түзүшүм керек” деген ойго келди. Үйүндө бактын көлөкөсүндө олтуруп, бир канча жаа жасады. Жааны жасаганда да табылгыны сууга салып, ийип, кынаптап жасады. Жебесин болсо түптүз талдан даярдап, анын учуна консерванын калайын кескилеп, ага майда мыкты бекитти. Өзү жашаган көчөдөгү 5-6-класстын бир топ окуучуларын жыйнап, тизип алып, буйрук бере баштады. Анча-мынча акчага момпосуй алып коюп аларга таратмайы дагы бар. Балдар буга алаксыйт, көбүнчө ойногонго кызыгат.

Бир күнү баягы жааларды “аскерлерине” берип, эртелеп даярдап койгон бутага мээлеп аттыра баштады. Балдардын бири жааны кыйшык кармап  атканбы, жаанын жебеси кайып барып Петр Биринчинин бетине тийгендей болду. Ал бетин басып, эңкейе берип кыйкырды:

– Энеңди дурайындар!! – башка эч сөз айта алган жок.

Жаанын жебеси ошончодон Петр Биринчинин көзүнө кадалган экен. Кан шорголоп агып кетти.

Ошентип, биздин айылдын Петр Биринчиси бир көзүнөн ажырады. Буга энесинен башка деле эч ким кабатыр болгон жок. “Жини күчөп баратты эле, ал ошону көрмөк” дешти.

Капитан ошол окуядан кийин бир айча көчөгө чыкпай калды. Бирок, эл аралап, иш менен алаксып жүргөн киши өмүр бою үйүндө жата алмак эмес. Көзү жакшы болгон соң мурдагы Капитан, кийин Петр Биринчи атка конгон Калдыбай бир көзүнө кара булгаары тагынган боюнча баягы китепканага барды.

– Бир көзүм соо. Окуй турган эмне китебиңиз бар? – деп китепканачыга кайрылды.

– “Сокур музыкант. Окуйсуӊбу?..

                  Жумагүл БАРКТАБАСОВА