Кайсы мезгил болбосун сулуулук процедураларын жасап, кыз-келиндерди гана эмес мырзаларды кошо сулуулантып, бет терисинин көйгөйлөрүн айыктырып, сапаттуу кызмат көрсөткөн Kapous клиникасынын косметологу Жанара Байсеитова менен косметология боюнча кенен маек курдук.

—Жанара, косметологияда канча убакыттан бери иштеп келе жатасыӊ?

—2012-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, ординатураны 2014-жылы бүтүрдүм. Ординатура өтүп жүргөнүмдө эле косметологияга кызыгып, косметологиялык курстарга барып окуп, 2014-жылдан бери сулуулук жаатында эмгектенип келем. Косметология менен биргеликте өзүм бүткөн академияда мугалим болуп иштеп, доктурлук кесибимди да кошо улантып келем.

—Косметологдорго негизи жай мезгилинде көп кайрылышса керек. Жай мезгилинде бетке деги эле териге кантип туура кам көрүү керек?

—Жай мезгили болобу, кыш же күзбү айтор, жылдын 4 мезгилинде теӊ күн нурунан сактануу керек. Биздин тери үчүн күн нуру биринчи душман десем да болот. Ар кандай тактар, бырыштар, купероз оорусу күчөп кетиши, теринин түсүнүн бузулушу, аллергия жана башка тери оорулары дал ушул күн нурунун таасири. Терини туура сакташ үчүн курамында SPF 50 фактору бар бет майларды коюу туура болот. Анан сыртка чыгаарда сөзсүз түрдө бетти күндөн калкалоочу баш кийим кийип, күндөн коргоочу  көз айнек тагынуу керек. Моюнду болсо жеӊил жоолуктар менен жаап алганда да жакшы. Андан сырткары, жай жана жаз мезгилинде агарта турган бет майларды сүйкөгөнгө такыр болбойт. 

—Учурда Кореянын косметикаларына суроо-талап жогору болуп жатпайбы. Чын эле Кореянын косметикасы сулуулук индустриясында алдыӊкы орундабы?

—Мен профессионал косметолог катары бул же тигил фирманын косметикасын колдонгула деп жарнамалабайм. Анткени, ар бир кызга индивидуалдуу көӊүл буруу керек. Мисалы кайсы бир фирманын косметикасы бирөөнө жакса, экинчисинин терисин бузуусу ыктымал.  Ошондуктан, кандай гана косметика болбосун профессионалдык косметика болушу зарыл. Себеби, анын курамы териге кандай таасир этээри 100% изилденип чыгат. Бул бет майды алгыла же албагыла деп да айта албайм. Терини көрүп гана кандай косметикалык каражат туура келээрин айтууга болот.

—Иньекция жолу менен эмес кандай көйгөйлөргө жардам бересиӊер, кайсы көйгөйдү иньекциясыз айыктыруу мүмкүн эмес?

—Биздин косметологиялык кабинет көп тармактуу кызмат көрсөткөндүктөн эӊ жөнөкөй бетти тазалоодон баштап, иньекциялык процедураларга чейин жасайбыз. Бизге кайрылган кардарлардын каалоолорунун баарын кылганга аракет кылабыз. Ал үчүн кабинетибиз эӊ жакшы косметикалар, процедуралар жана заманбап аппараттар менен камсыз болгон. Ошого жараша косметологиянын жаӊы ачылыштарынан билим алып билимимди бул жаатта өркүндөтүүнүн да үстүндө эмгектенүүдөмүн. Көбүнчө чет жактарга барып, акыркы технологиялык аппараттар менен иштөөнү өздөштүрүп келем.

—Силер көргөзгөн косметологиялык кызматтардын баалары баарын эле кызыктырса керек?..

—Башка клиникаларга караганда салыштырмалуу биздин көргөзүп жаткан процедуралар аябай эле арзан. Ошол эле процедураларды башка клиникалар 1,5 эсе кымбат кылып жатышканын угуп жүрөм. Мен бүтүндөй бир процедураны башынан аягына чейин бир баа менен көргөзөм. Кээ бирлер мисалы маска, массаж, пилинг жана тазалоо ыкмаларын да бөлүп аппарат менен өзүнчө баа болсо, механикалык түрүнө өзүнчө баа коюшат экен. Бизде кээ бир процедураларды бекер кылып берген учурлар да болот. Турмуш шарты оор, бирок процедурага муктаж экенин көрүп туруп сооп үчүн жардам берип келебиз. Бизде атайын кайрымдуулук жумаларын уюштуруп, кичинекей наристелери менен келген кардарлардын бөбөктөрүнө белек тартуулаган учурлар да бар.

—Башка косметологдордон өзгөчөлөнгөн автордук методикаӊ барбы?

—Менин негизги урааным иштин сапатын арттыруу. Кандай кардар келбесин саны эмес, сапатына карап иштейли, — деп чогуу иштеген кыздарга да айтып келем,. Биздин процедураларыбызды алып кеткен кардар экинчи жолу кайра кайтып келсе, ошол биз үчүн жеӊиш! Бүгүн эптеп иштеп акча таап алайын деген учурларды көрүп эле жүрөм.

Иште сапаттуу гана косметикаларды колдонуу зарыл. Биздин клиникада атайын окуулардан өтүп, сертификат алгандан кийин гана иштөөгө макулдук бар. Азыр базар экономикасы көптөгөн тартипти сактабай жатат. Косметика базарда сатылбаш керек. Азыркы ысык, кышкы суук косметиканын сапатын бат эле бузат. Андай косметиканы колдонгондон кийин эмне болоорун баары билсе керек.

Азыркы заманбап сулуулук процедуралары абдан эле көп. Бишкек шаары кичинекей болгондуктан көп айымдар клиникадан-клиника тандап, косметологдорду алмаштырып, көп жерге барып өз каалаган натыйжасына жетпей нааразы болушат. Ошондой клиника же косметолог тандап жүргөн айымдар биздин клиникага келип ыраазы болуп кетип жаткандары мени кубандырбай койбойт. Андай учурда жеӊишке жеткендей болом. Мүмкүн менин өз ишимди өтө берилүү менен жасагандыгым артыкчылыгым болсо керек. Ал эми дарылоо техникаларымда башка косметологдордукуна караганда бир аз сырларым бар.

—20-25, 30-35 жана 40тан өткөн айымдар эмнеге көӊүл буруусу керек, өспүрүм курактагы көйгөйлүү бет терилерине кандай жардам көрсөтө аласыӊ?

—35-50 жаштагылар көбүнчө бырыштар жана тактар менен кайрылышат. Бырыштар менен ал куракта эмес ошол куракка жеткичекти кам көрсө ал убакта бырыш азыраак же жок болот. Бизге келген айымдарга да бырыштарын тактарын кетирүүчү процедураларды жасайбыз, жыйынтыкка ыраазы болуп кеткендер арбын. Өспрүрүмдөрдүн арасында болсо безетки көйгөйлөрү өтө эле көп.

—Эркектер кайрылабы? Аларда көбүнчө эмне маселелер болот?

—Албетте, биздин клиникага такай баш багып жүргөн эркектердин саны аз эмес. Эркектер айымдардай эле сулуулук процедураларын мезгил-мезгили менен алып, алар деле сулууланып турушат. Мырзалардын жанында сулуу, таза, жыттуу атыр жыттанган айымдар менен бирге жүрсө өздөрүн жакшы сезет – деп айтып калышат го. Айымдар деле өздөрүнүн жанында өздөрүн каранган мырзалар жандап жүрүшүн каалайт. Эркектерде көбүнчө безетки, безеткиден калган тактар, беттин майлуулугу боюнча көп кеӊеш сурап, керектүү процедураларды алышат.  Беттерин такай тазалатып тургандар да бар.

—Айтсаӊ, косметология бет терисинин кандай көйгөйү болбосун жардам бере алабы?

—Косметолог сыйкырчы эмес. “Сүф” дегенде эле адам каалагандай болуп кала тургандай абалга жеткире албайт. Эӊ биринчи ал кардар кандай көйгөй менен кайрылды, аны көрүп, изилдеп, керектүү болсо анализ алып, диагнозду туура коюп, ички органдарынын анализин карап андан кийин гана дарылоону башташы керек. Эгерде жөн гана кам көрүүчү процедуралар болсо анда тартип менен 28-30-32 күндө 1 жолу кылып туруш керек. Бул процедура өмүр боюбу деп сурагандар да толтура. Андайларга айтат элем, өмүр бою сактала турган процедура жок, адамзат өзү да өмүр бою жашай албайт.

P.S. Жанаранын социалдык желедеги баракчасы —            

           @janara_kubanych

         Байланыш телефону — 0700939008; 0554939008

                                                           Төлөбүбү  КАСЫМАЛИЕВА

Жанара  БАЙСЕИТОВА, косметолог:

 “Бетке жайында эле эмес, жылдын 4 мезгилинде кам көрүү керек” 