Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ат майданын жаңылоо үчүн эскиздик-долбоорго архитектуралык сынак жарыялады. Сынактын шартында Ипподромдун азыркы имаратын бузбай, оңдоп-түзөп, жаңылоо зарыл. Концепцияда көрүүчүлөргө отургучтарды көбөйтүү, автомашина токтотуучу жай маселесин чечүү каралган. Байге фонду 500 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн 200, экинчиге 150 жана үчүнчү орунга 100 миң сом каралган. Мындан сырткары 25 миң сомдон эки кызыктыруучу сыйлыктар бар.

Борбордук «Ак-Кула» ат майданын жаңыртуу маселеси 2017-жылы Нооруз майрамындагы ат оюндарынан кийин көтөрүлгөн. Көкбөрү оюнун көргөнү келген көпчүлүк ат майданга батпай, сырттагы бак-дарактардын жана аянтка жарык берүүчү мамынын үстүнө чыгып алып көрүшкөн эле. Ат майданды реконструкциялоо боюнча өкмөттүк жыйында оңдоп-түзөөгө 650 млн. сом, кийинчерээк 300 млн. Сом кете  турганы айтылган. Соттун чечими менен Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы мэриянын карамагына өтүп, 2017-жылдын 20-январынан тарта ага Дене тарбия жана спорт башкармалыгы ээлик кыла баштаган. Ал жер мурда Бишкек мэриясына таандык болгон. Токсонунчу жылдардын башында Айыл чарба министрлигинин токтому менен жеке колго өтүп, Ачык акционердик коом болуп калган. «Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу.  Бул ат майданы  1947-жылы  архитектор  Е.​ Нусовдун автордук долбоору менен салынган.