Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин Беларустун «Динамо» футбол клубу менен келишим түзгөнү маалым болду. Кичин жаңы клубда 12 катар санында ойномокчу. Кичин буга чейин үч жыл катары менен орусиялык «Енисей» клубунда Орусиянын улуттук жана премьер-лигаларында ойногон.Эл аралык «Трансфер маркет» (www.transfermarkt.com) басылмасы Валерий Кичинди 1 жарым миллион еврого баалаган жана ал Кырызстандагы эң кымбат футболчу болуп саналууда.

«Динамо» Европа Лигасында ойноп жатат жана Беларустун чемпионатында алтынчы орунду ээлеп турат.