Көпкөндө да ушул кыргыздын атка минерлери көптү. Алардын басымдуу бөлүгү элди ойлобойт, өздөрүн гана ойлошот. Элдин чөнтөгү менен эсептешкилери жок. Мына ушул өӊүттөн алып караганда Рустамов Абдыкалык бүгүн маалымат жыйынында элдин кыжырына тийе турган кеп айтты. Ал кебелбей туруп: «Ар бир кыргызтандык ай сайын газ үчүн 6-7 миӊ сом төлөй аларына ишенем»- деп балп этти. Ал бул сөздөрдү табиятты сактоо, экологияны таза кармоого карата айтканын, эл текши газ колдонсо, бул маселе менен Кыргызстандын атмосфересын таза бойдон сактап калууга боло турганын айтты.
Чынында Рустамов Кыргызстанда жашоо минимуму болгону 4-5 миӊ сомду түзөрүн унутуп калса керек. Эӊ аз айлык да 5 миӊ сом көрсөткүч экени маалым. Андыктан ар бир адам ай сайын 7 миӊ сомдон газга төлөй алат деп ишенимдүү айтуу кыйын. Рустамовго окшогондордун го башы оорубайт. Оозуна келгендерди «оттоп» кое берет.

Ал эми биз сөз кылып жаткан Рустамов Абдыкалык деген шылуун атка минердин ишинде далай былыгы чыгып жатса да, президент Жээнбеков аны коргоп келет. Ал 2010-жылы апрель окуясынан соӊ «Форумдан» келип, Курчап турган айлан чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басарылык кызматын басып жыгылган. 6 жыл орун басар болгон соӊ, Атамбаев аны ушул эле агенттикке директор кылган. Чынында Рустамов жетекчи катары көп кемчиликтерди кетирди. Өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген иштери ачыкка абдан көп чыккандан улам Коопсуздук кеӊеши анын туура эмес иштерин, мыйзам бузуларын тизмектеп, укук коргоо органдарына, президентке бергенине бир топ убакыт болуп кетти. Бирок ушул күнгө чейин бийлик ага эч кандай чара көргөн жок. Эгер чара көрүлүп, анын 9 жылдан берки топтолуп калган былыктарын алып чыкса, анын башына кара булут каптай турганы турулуу иш…