Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы, кылымда бир жаралчу талант Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо бүгүн 75 жашка чыкмак

16 жашында алгачкы жолу «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген. 

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.
1960-жылы 16 жашында «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островсөрү институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Кыргызстандын эң атактуу кино актрисасы болгон. Аны замандаштары «сахнанын ханышасы» деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр» тасмасында башкы каармандын, ал эми «Кызыл алма» фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. «Ак Мөөр» фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар «Соң-Көл чүрөгү» деп аташкан. Эмгеги үчүн СССрдин Эмгек сиңирген артисти аталган. 

Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта («Ромео жана Жульетта»), Амелия («Бернарда Альбанын үйү»), Фелисьяна («Бий мугалими»), Асел («Делбирим»), Анвар («Фудзиямадагы кадыр түн») жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.


Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү. 

Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эң атактуу актрисасы болгон. Ал «сахнанын ханышасы» деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», ролунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. «Ак Мөөр» фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар «Соң-Көл чүрөгү» деп аташкан. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда, курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында:

деген ыр саптарын окуган. [1] Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу».

Театрда ойногон негизги ролдору

  • Асел — («Кызыл жоолук жалжалым», авт. Ч.Айтматов, 1964-ж.)
  • Кар ханышасы — («Кар ханышасы», авт.Е.Щварц, 1966-ж.)
  • Бьянка — («Азоого чалма», авт.У.Шекспир, 1966-ж.)
  • Нази — («Эрөөл», авт.М.Байжиев)
  • Бүбү- («Осмонкул», авт.К.Маликов, 1969-ж.)
  • Төрөкан — («Өлбөстүн үрөнү», авт.А.Токомбаев, 1969-ж.)
  • Гүлмайра — («Жыгылган оогонго күлөт», авт.Т.Абдумомунов, 1969-ж.)
  • Лайлум — («Ак боз ат», авт.Ш.Садыбакасов, 1972-ж.)
  • Эркеайым — («Ак боз ат», авт.Ш.Садыбакасов)
  • Жульетта — («Ромео менен Жульетта», авт.У.Шекспир, 1972-ж.)
  • Надя — («Трибунал», авт.А.Макаенок, 1971-ж.)
  • Чолпон — («Бийик жерде», авт.К.Маликов, 1972-ж.)
  • Мария — («Мария», авт.А.Салынский, 1974-ж.)
  • Малика — («Малика», авт.Т.Абдумомунов, 1976-ж.)
  • Шафак — («Ай тутулган түндө», авт. М.Карим, 1973-ж.)
  • Зулайка — («Байыркы жомок», авт.М.Байжиев, 1975-ж.)
  • Анвар — «Фудзиямадагы кадыр түн», авт. К.Мухаммеджанов, Ч.Айтматов, 1976-ж.)
  • Дездемона — («Отелло», авт.У.Шекспир)
  • Амелия — («Бернарда Альбанын үйү», авт.Г.Лорка, 1977-ж.)
  • Эльпи — («Омар Хаямдын махабаты», авт.К.Мамбетакунов, 1981-ж.)
  • Мадина — («Ар бир үйдө майрам», авт.М.Байжиев, 1977-ж.)
  • Батма — («Танабай» спектакли, 1978-ж.)
  • Зулайда — («Машырбек үйлөнөт», авт.Т.Абдумомунов, 1979-ж.)
  • Фелисьяна — («Бий мугалими», авт.Лопе де Вега, 1981-ж.)

Тартылан кинолору:

  1. 1960-жыл — «Салиманын ыры»- Салима
  2. 1965-жыл — «Эң тил алчаак» — Айзада
  3. 1967-жыл — «Саманчынын жолу» — Жаш Толгонай
  4. 1968-жыл — «Ак-Мөөр» — Ак Мөөр
  5. 1971-жыл — «Отко таазим» — Уркуя
  6. 1973-жыл — «Ак куулар конгон айдың көл» — Зейнеп
  7. 1973-жыл — «Атадан калган туяк» — Жээнгүл
  8. 1974-жыл — «Сүйүү жаңырыгы» — Асия
  9. 1975-жыл — «Кызыл алма» — Бейтааныш сулуу
  10. 1977-жыл — «Арман» телефильминде эпизоддук роль
  11. 1978-жыл — «Июлдагы үч күн» тасмасында эпизоддук роль
  12. 1980-жыл — «Коңур күз» тасмасында эпизоддук роль
  13. 1979-жыл — «Процесс» — Зулайка

Радиодон аткарылып, «Алтын казынада» сакталган ырлары

  • «Гүлкайыр»
  • «Ай баратат»
  • «Жүрөктүн чогу өчө элек»
  • «Адамдар менин сүйгөнүм»
  • «Суу алган кыз»
  • «Ысык-Көлдүн ак куусу»

Жеке жашоосу, үй-бүлөсү. Убагында Таттыбүбүгө ашыгын арткандар көп болгону анык. Эл ичинде ал белгилүү актер Болот Бейшеналиев менен сүйүү мамиледе болгон дешет. Экөө «Ак Мөөр» фильминде чогуу аткарышкан.

Бирок, актриса Болоттун досу, кесиптеши Имаш Эшимбаевге турмушка чыгып, экөө сегиз-тогуз жыл чогуу жашап бир уул, бир кыздуу болушат. Ажырашкандарына 7 жыл болгондо Таттыбүбү каза табат. Имаш болсо актрисадан кийин он жылдан соң бул жарык менен коштошот. Экөө Ташкенттеги театралдык институтта бирге окуган. Таттыбүбүнүн театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасындагы Аселдин ролу болгондуктан, жолдошу кызынын атын Асел койгон экен.

Атасын тарткан кызы, энесинин элесин берген уулу. Кызы Асел Эшимбекова «Махабат дастанындагы» Бегимайды, «Сүйүү закымдарындагы» Алтынбүбүнү ойногон. Энеси Таттыбүбү Турсунбаева чолпондой жанып турган убагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканда, калайык калк «кызы эми актрисанын ордун жоктотпойт» деп турганда белгилүү ишкер Урмат Барыктабасовго турмушка чыгып кеткен. Ошондо айрымдар «туура кылды, болбосо ар ким сулуулугуна көз артып отуруп энесинин тагдырын кайталап калмак» деп айтышкан экен.

Асел учурда үй-кожойкеси. Жолдошу менен бир уул, эки кызды тарбиялап келет. Алгач жолдошу Урмат Барыктабасов болочок жубайын тасмалардан көрүп сүйүп калып, 10 жыл издептир. Таба албай башкага үйлөнүп, бир уулдуу болгондон кийин ажырашып кетет. Ошондо тааныштарына «Аселди таап берсеңер, бир машина берем» дейт. Достору аркылуу таанышып, эки жылдан кийин баш кошушат.

Асел Эшимбекова басылмаларга берген интервьюларынын биринде «Таттыбүбүнүн кызы десе эл укмуш бир айдай сулууну элестетишет. Ким кандай жагынан карабасын, апамдын ордун баса албасымды билем» деп айтканы бар.

Таттыбүбү менен Имаштын кичүү уулу Канат Медициналык институттун стоматология бөлүмүн бүтүрүп, жеке ишкерлик менен алектенет. Үч эркек, бир кыздын атасы. Келбет жагынан Канат апасын, Асел атасын тарткан. 

Дагы: https://sputnik.kg/society/20170712/1034256448/tattybubu-tursunbaeva-tuuraluu-fakty.html