Илгери Гиппократ «Биз эмне жесек ошолбуз» — деп бекеринен айтпаса керек. Учурда семирип, канча диета кармаса деле арыктап мурунку калыбына келе албай жүргөндөр абдан көп. Көп учурда семирүүнүн бирден-бир себеби гормондордун иштөөсүнүн бузулушу. Гормондор туура эмес тамактануудан улам бузулаарын диетологдор көп айтышат.

Дарылар менен өскөн жашылчалар, бат семирген малдардын эти кооптуу

Учурда күнөсканалар жана азыктарды өстүргөн лабораториялар көп болгондуктан, аларды кандай химикаттар менен өстүрүп жатканын биз айта албайбыз. Бирок, өсүмдүк же жашылча болобу, эртерээк түшүм алуу үчүн гормоналдык дарыларды сээп, ал эми малга болсо эртерээк семирүүсү үчүн гормоналдык дарыларды сайышат. Аны жеген адамдын гормону бузулуп натыйжада себепсиз семирүү башталат.

 

Тамактануубуз кайсы гормонго таасир этет?

Албетте, конкреттүү азыктар түздөн-түз гормондорго таасирин тийгизип, ички органдардын иштөөсүн бузат. Мисалы калкан бездеринин жабыркашына шекер, трансмайлар, кофеин түрткү болот. Ошондуктан, гиптотериоз жана богок ооруларында сояны, капустанын баардык түрүн, дан, горчица, сүт, май, арахис жана грек жаўгагын рациондон алып, алардын ордуна курамында глютени бар азыктарды жеген оӊ.

Инсулиндин көп бөлүнүп чыгуусунан улам толуп кетүү коркунучу бар

Инсулин гормону кандай тамак жебеӊиз уйку бези тарабынан бөлүнүп чыгат. Ал эми ал гормондун көп бөлүнүп чыгышынын жакшы да, жаман да жагы бар. Ал гормондун көбөйүшү май катмарынын чогулушуна алып келет. Саат 16-17:00дө жана 21:00дө таттуу жегибиз келип калат эмеспи. Анан арыктабайлы деп айран ичип коёбуз. Дал ошол таттуу жана айран инсулиндин өтө көп бөлүнүп чыгышына себепчи болот. Көп иштелип чыккан инсулин, майларды эритүүчү  соматотропин гормонунун чыгышына бөгөт коёт.

Арыктайм дегендер сүт азыктарынан алыс болгону дурус

Арыктоодо кандай гана диета болбосун диета кармап бүткөндөн кийин кеткен майлар бир канча убакытта кайра калыбына келип калат. Андай диеталар гормоналдык дарыларды ичкенден да коркунучтуу.  Жөнөкөй углеводду майлар менен аралаштырбаӊыз: куурулган эт же стейк же куурулган картошка менен газдалган сууну ичкенге болбойт; Сүт азыктары менен углеводдорду кошконуӊуз туура. Мисалы, быштакты бал менен жеген жакшы. Ал эми кандай гана сүт азыгы болбосун аны 6дан кийин жеп же ичүүгө болбойт.

                                                             Самара САЛАМАТОВА