ӨКМ Бүгүн саат 17:20да Көкөмерен дарыясынын эки чакырым ылдыйраак Арал суусунда аял кишинин сөөгү табылганым маалым болду. Куткаруучулар Чүй областындагы өкмөт өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жубайы- Тинатин Шадыканованын сөөгүн табышты. Издөө иштерине 102 куткаруучу тартылган.

Маалым болгондой, 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында  Көкөмерен суусуна «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү жолтандабас унаа түшүп кеткен.  Унаада 5 адам (3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) болгон.  Буга чейин Абдылдаевдин, анын небересинин жана айдоочусунун сөөгү табылган.