Депутаттын өкүлүнүн айтымында, кырсыктаган автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык эмес экени айтылууда. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгына катышкан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековдин жардамчыларынын бири Каныбек Жакшыбаев sputnik.kgге буларды айтып берген:

«Автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык. Элдияр Халмурзаев ал фирмада айдоочу болуп иштечү. Ошол компаниянын автоунаасын алып, командировкага кеткен экен. Бизге жеткен маалымат боюнча BMW саатына 70-80 чакырым ылдамдыкта өз жолу менен бараткан. Lexus сол тарапка бурулуп жатканда кагышыптыр. Ал унаанын айдоочусу УКМКнын кызматкери экен.Кырсык деген кырсык экен, ар адамдын башында бар. Мындай болорун эч ким күткөн эмес. Азырынча тигиге же буга күнөө кое албайбыз. Иштин акыйкат тергелишине биз дагы ынтызар болуп турабыз. Тергөөгө тоскоолдук кылып, видео жазууларды өчүрткөн эмеспиз. Темирлан Токобеков жүргүнчү катары баратканын жана унаа ага таандык эместигин дагы бир ирет белгилеп кетем. Ушундай кырсыктан саясат жасабай эле коюуну суранат элек»

Ал ортодо бул кырсыктын кесепетинен каза тапкандардын туугандары Абжалиевдин туугнадары айтып жаткан мындай маалыматтарга ишенбей турганын билдирүүшүдө

Кошумчалай кетсек, кырсыктаган BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунааны заводдон быйыл чыгарылган.
Дагы бир кызык жагдай, бул кырсыктаган машиненин артында эки номер тагылганы ачыкталды. Мындай машине Бишкекке алынып келгендигине аз эле болгон. Чынында жаӊы чыккан унааны биздин коомчулук жана байлар жаӊыдан гана көрүп башташты.

Маалымат катары айта кетсек, BMW X-7 үлгүсүнүн Европадагы баасы 70-80 миӊ долларды чапчыйт экен. Ал эми АКШда болсо баштапкы баасы 74 миӊ доллар. Сөз болгон кымбат баалуу унаа тууралуу жалпы маалыматы төмөнкү тасмадан ала аласыздар: