Жалал-Абадда бүгүн түштө шаардагы Олимпийский көчөсүндө жүк ташуучу унаа 2008-жылы туулган А.Р.ны сүзүп кетти. Айдоочу кызды байкабай, токтобой кеткен. Өспүрүм кыз дароо каза таап калган

Жол тескөөчүлөрдүн алдын ала берген маалыматына караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Олимпийский көчөсүнөн бурулуп жатканда унаанын арткы дөңгөлөгү окуучу кызга тийген. 11 жаштагы кыз окуя болгон жерде каза болгон.
http://www.turmush.kg/news:370855?fbclid=IwAR2NfUBHDiYYArGlFNpBrVJR9ri5YnJFIcwT0TgfFZwYASOKE5zvMBWQk9o