Адатта бакыраң көздөр адамга жылуу көз ирмем тартуулаганы менен аппак жалтыраган тиштер андан да жагымдуу көз ирмем тартуулаарын да эске ала жүрүшүбүз керек. Тиши таза, ак болсо адамдын өзүнө болгон ишеними ошончолук жогору болоорун стоматологдор баса белгилешет. Тишке туура кам көрүүнү баарыбыз билгенибиз менен алтын эрежелерди дайыма эле сактай бербейбиз. Мисалы күнүгө 2-3 маал тишти жууп, тишке тыгылган тамактын калдыктарын тиш чукуган таякчалар эмес тиштин атайын жиби менен тазалап, стоматологго регулярдуу түрдө кайрылып туруу өтө деле оор эмес. Бирок, ошол жөнөкөй нерселерди жасагандан да жалкоолонгондор арабызда жок эмес. Бирок, көз чагылткан жылмаюу үчүн жогорудагы эрежелер жетишсиз. Ал үчүн туура тамактана билүү да ашыкча болбойт.

Тишти бузуучу азыктар

Газдалган суусундуктар

Мисалы биз такай эксперимент кылып жүргөн Кока-Коланы эле алсак, бир нече сааттан кийин ал кандай таасир берээрин баарыбыз эле билсек керек. Ал кадимки эле щелочь. Ал эле эмес башка деле газдалган суусундуктарды ичүү менен фигураны гана бузбастан тиштин эмалын да  бузуп аласыз.

Таттуулар

Албетте, бардык таттуулар тишке зыян алып келбейт. Бирок, чайнап жеген момпосуйлар, шоколаддар тишти абдан бузат.

Цитрус

Цитрус жемиштеринде кычкыл өтө көп болгондуктан, алар шоколад менен таттуулардан да коркунучтуу. Ошон үчүн цитрус жемиштерин жегенден кийин тишти чайкаганды унутпаңыз.

Тишке пайдалуу азыктар

Тишке пайдалуу азыктарга клетчаткага жана кальцийге бай азыктар кирет. Алар биринчи тишти тазалап, сөөктү жана тишти кубаттандырат.

Жашылча

Броколли жана түстүү капуста тамак сиңирүүгө гана жардам бербестен, тиштин эмалын тазалаганга да жакшы.

Сүт азыктары

Кальцийди алуунун негизги булагы сүт азыктары болгондуктан, сыр, быштак, айран кальцийге бай жана кычкылы аз болгондуктан тишке гана эмес организмге пайдалуу. Бул азыктар тиштин катуу болуусуна шарт түзөт.

Балык

Балык жана устрицалар фосфорго бай болушат. Фосфор кальций сыяктуу эле сөөктөрдүн жана тиштин катуу болуусуна шарт түзөт.

С витаминине бай азыктар

Сабиз, калемпир, киви, клубника ооз көңдөйүнө жакшы. Алар бүйлөнүн абалын жакшыртат. Ошондуктан жогорудагы эрежелерди сактап, азыктарды туура тандоо менен өзүңүз каалагандай жылмаюуга жетесиз.

                                                                                          Самара САЛАМАТОВА