Азыркы күнгє чейин кофенин сырларын изилдеп бүтүшє элек. Курамында кофеин бар азыктар – кофе, шоколад, чай, какао жана кээ бир єсүмдүктєр. Кофеинди пайдалануу жолу абдан кєп болгондуктан анын бүгүн биз косметологиядагы тийгизген оң таасирлерин кеп кылууну туура кєрдүк. Кофеинден сырткары кофеде В тобундагы витаминдердин 8 түрү кездешет. Анын курамындагы 30 түрдүү органикалык кычкыл  организмден тамактын тез чыгуусун камсыздайт. Кофенин 80ге жакын сорту бар. Алардын арасында бою кичине бадалдар, бийиктиги 10 метрге чейин дарактар да бар. Кеңири тараган 4 сорту: арабика, робуста, либерика, эксцельса.

Пинол кычкылы беттеги майларды кетирет

Кофе даамы менен гана эмес анын ден соолукка тийгизген оң таасирлери менен єзүнє тартса керек. Аны айрыкча косметологияда кеңири колдонуп келишет. Анткени ал косметикалык баалуу кошулмалардын булагы болуп саналат. Пинол кычкылы теринин чоюлуусун калыбына келтирет, картаюуну кечеңдетет, суук тийүүє жакшы жардам берет жана күндєн коргой турган касиети бар. Кофенин табигый компоненттери организмдеги токсиндерди айдап, беттеги майларды кетиргенге жардам берет. Ошондуктан SPA-салондордун кєбүндє кофени колдонгону бекеринен эмес.

Жашыл кофе косметологияда

Жашыл кофе адамдын ички органдарын тазалап, арыктатып гана койбостон сырткы келбетине да жакшы таасирин тийгизет. Жашыл кофе бетке түшкєн бырыштардын алдын алат. Жашыл кофенин данынын курамындагы май чачтын түптєрүн бекемдеп, єсүшүн тездетет. Чачка кєрк берип, аны жылтыратып коёт. Жашыл кофе экзема, псориазды дарылоодо да колдонулуп келет. Курамында жашыл кофенин экстракты бар пенка, гелдер терини тазалап, жумшартып коюучу артыкчылыкка ээ болот; Кургак терини нымдап, ысык-сууктан коргойт.

Кофеден маскалар

Тазалоочу кофе лосьону – формаларга кофени куюп тоңдургучка саласыз. Андай кофенин тоңдурулган музу менен бетиңизди күнүгє эртең менен жана кечинде сүртүп турсаңыз бетиңиздин бырышы кетип, тазарат.

Кєздүн айланасындагы бырыштарды кетирүү үчүн – 1 аш кашык кебектүү ун менен даярдалган кофени каймактай болгуча аралаштырасыз. Андан кийин жумуртканын сарысын кошосуз. Даяр болгон масканы бетиңизге 15-20 мүнєткє жаап, жылуу суу менен жууйсуз. Мындай процедураны жумасына 1-2 жолу жасоо менен аз убакыт аралыгында кєзүңүздүн айланасындагы бырыштардан арыла аласыз.

2 аш кашык каймакка 1 аш кашык кургак кофени кошуп аралаштырып пилинг кыласыз. Андай пилингден кийин бет териси жылмакай болот.

Целлюлитке каршы маска – 500 мл ысык сууга 100-200г какао кошосуз. Аны 35-40 градуска чейин кайнатып, муздатасыз. Даяр болгон массаны кєйгєйлүү жерге сыйпайсыз. Жакшы эффект болуш үчүн сыйпагандан кийин полиэтилен менен оройсуз. 10-15 мүнєт коюп жууп саласыз. Муну жумасына 2-3 жолу жасасаңыз целлюлит кетет.

Стресске каршы тазалоочу ванна – 100-200г какао порошогуна 1 литр кайнак суу куюп, аралаштырып кайнатасыз. Аралашманы ваннага куясыз. 15-20 мүнєт шоколадда жатканда териңиз жакшырып, маанайыңыз кєтєрүлєт.

Самара Саламатова