Кыргыз жигит Москвада миллардердин баласынын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат. 8-июлда Москвадагы Фрунзе набережныйда бурулуп жаткан такси унасын катуу келаткан мотоцикл сүзүп, эки унаа тең күйүп кеткен. Таксист 22 жаштагы кыргызстандык бала болгон. Эртеси күнү Таган райондук соту Кыргызстандын жаранын эки айга камакка алганы маалым болду.
Такси айдоочу жашыл жанганда жылып баштаганда, мотоциклист өтүүгө үлгүрбөй калган. Мотоциклде бара жаткан адам алган жаратынан улам кийин жан берген. Каза болгон 25 жаштагы Александр аттуу бала Россиядагы миллиардер Владимир Маруговдун баласы болуп чыккан.  Ал эми кыргыз бала жеңил жаракат алгандыгы жазылат.