Конгантиев 2010-жыл ыңкылаптан кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренеси боюнча айыпталган болчу. Биринчи Май райондук соту мурдагы министр Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деп таап койду.

Экс-министрге 2010-жылкы ыңкылаптан кийин КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «Шалаакылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Сот отуруму учурунда прокурор экс-министрди алты жылга эркинен ажыратууну, 100 миң сом айып салууну, ошондой эле эки жыл бою эч бир кызматка барбасын деп сураган эле. Бирок сот прокурордун айыптоосун четке кагып, Конгантиевди күнөөсүз деп таап, сыртка чыкпоо жана мүлкү камакта турсун деген чечимди жокко чыгарды.

2018-жылы тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан УКМ «Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес» деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан. Кийин Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага Конгантиевдин ишин карап чыгып, ишти кайра кароону тапшырган болчу. Конгантиевдин соттон аппак болуп акталып чыгышы, өз өлкөлөрүнөн качып жүргөн канкор Бакиевдердин үмүтүн кыйла жандырып койду окшобойбу. Балким, кезек бизге да жетет деп колдорун ушалап жаткандыр…