Белгилүү болгондой быйыл мамлекеттик ишмер, Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деӊгээлде белгиленет. Мааракени татыктуу өткөрүү үчүн өкмөттүн алдында өкмөттүн мүчөлөрүнөн жана мамлекетке эмгеги сиӊген элге белгилүү инсандардан турган чоӊ комиссия түзүлгөн. Бирок ошондой болсо да, жылдын жарымы өтсө да,  мааракеге белгиленген иш-чаралар эмдигиче башталбай, кечигип турат. Биз мына ушул маселе боюнча Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, саясатчы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Шамшыбек Медетбековду  кепке тарттык.

—Шамшыбек байке, Турдакун Усубалиев атабыздын 100 жылдык мааракесин өткөрүү иш-чарасы боюнча толук маалымат айтсаңыз?  

—Комиссиянын курамына Өкмөттөн  төрага катары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөт мүчөлөрү  жана Кыргызстандагы аттуу-баштуу инсандардан  60тын тегерегиндеги адам кирген.  Буга чейин эки-үч жолу чогулдук. Кочкорго чейин барып туугандарын чогултуп, сунуштарын алып келип бүт баарын берип, анан комиссиянын акыркы чогулушунда бүт баарын жаздырып беките турган убакыт келген. Эң орчундуу маселе катары  Тарых музейинин атын бергиле эле деп баса белгиледик . Убагында Москва уруксаат бербегенине карабай Турдакун Усубалиевич ушул Тарых музейин өзү акча таап салдырган экен. Биз бул тууралуу мурда сүйлөшүп алган элек. Биздин мындай маалыматыбызды уккан комиссиянын көпчүлүгү жактырышты. “Тарых музейине кантип берилсин? Дүйнө жүзүндө Тарых музейинин аты болбойт”-деп өзүбүз жактык эле окумуштуу байкелер каршы чыгышты.  Эми атын койбосун деген закон жок да. Анан комиссиянын атынан президентке кайрылганбыз. Ошондон бери ал тараптан  эч жооп болбой жатат.  А биз  же чогулбайбыз, же иш-чараны бекитпейбиз. Ошол боюнча күтүп олтурабыз. Андан кийин мен ушул  маселе боюнча өкмөт башчыга кирип:    “ Усубалиевдин туугандары  аябай капа болуп,  биздин балабыз унчукпай жатат деп сизге нааразы болуп жатышат”-деп  алардын салам дубасын айткам.  Ал киши ШКУ саммити бүткөндөн кийин маараке маселесин өзүм көзөмөлгө алам деген. Ошол боюнча андан да дайын жок болуп калды.

—Жалпы канча иш-чара белгиленди? Сиз комиссиянын мүчөсү катары айтсаңыз, деги эле мааракени өткөрүүгө эмне тоскоолдук болуп жатат? Каражатпы, же уюштуручулук жетишпей жатабы? Балким кайдыгерлик да бир себеп болуп жүрбөсүн…

—Жалпысынан 40тан ашык иш-чара белгилениптир. Ошонун негизгилерине токтолсом,  өзүнүн туулган жерине музей ачылып, эстелиги тургузулушу керек эле. Андан тышкары облустук деӊгээлдеги иш-чара Кочкор районунда  күз айларында өткөрүлүп, ошону менен бирге райондун борборундагы паркка аты берилип, ошол паркты жасалгалаганга акча каражаты бөлүнмөк. Биз бул маселе боюнча мейли деп район чечкен боюнча калтырганбыз. Бирок, Турдакун Усубалиевичке парктын атын бергенибиз  туура эмес болот го деген да сөздөр болду. Азыр иш-чара аягына чейин бекий элек. Кочкордо ушундай иш-чаралар өткөрүлмөк. Нарында эстелиги тургузулуп, облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы аянтка аты берилмек. Эстеликти тургузуп, аянтты иретке келтиргенге 25 млн. сом бөлүп беришмек. Ош шаарында да эстелиги тургузулуп, бир көчөгө аты берилмек. Бул деле өмүр бою Ленин атындагы музей болуп жүрбөдү беле. Ал жагы го ал. Андан бөлөк борбор калаабыздагы эски аянтка Турдакун Усубалиевдин аты бериле тургундыгы тууралуу шаардык кеӊеш чечим чыгарып, комиссиядан өткөн.  Мындан тышкары Президентке караштуу  Башкаруу Академиясына да атын беребиз деп жатышкан. Ал дагы ошол боюнча чечилбей турат. Эӊ негизгиси Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жогорку окуу жайлардан тышкары көптөгөн министрликтерде илимий-практикалык  конференциялар өтөт.  Ошондой эле, Усубалиевдин  басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн чагылдырган даректүү китептер, даректүү кинолор да тартылмак.

—Эң негизгиси мына ушул маселе эмеспи…

—Туура. Кийинки муунга Усубалиев атабыздын  мамлекетке жасаган эмгегин толук жеткирүү үчүн маданий, маалымат жагына басым жасабасак болбойт да. Менин билишимче, кинону Молдосейит Маметакунов менен Байма Сутенова тартмак…

—Сөзүңүзгө аралжы… Экөөнөн башка чоң режиссёрлор табылган жокпу? Эми экөөнүн тарткан кинолору телекөрсөтүү эле болуп калаар. Көрүп жүрбөйбүзбү…

—Бир четинен туура болгоолоп жаткандырсыңар. Мен деле бул маанилүү ишти чоң режиссёрлор колго алса деп ойлогом. Бирок бул кино маселеси боюнча да каражат толук чечиле элек. Ал эми эки китеп жазылды. Бирөөсүн Жумагул Сооданбеков, экинчисин Осмонакун Ибраимов жазды. Үй-бүлөсүнө Ибраимовдун жазган китеби жагыптыр. Ал китеп Москвадагы басмаканларадын биринде басылат. Ага кете турган чоң каражатты  “Аю” компаниясынын негиздөөчүүсү Шаршенбек Абдыкеримов каржылап бере турган болду. Ал эми Соодонбеков жазган китепти  “Кыргызпатент” чыгарат деген кеп болду. Бирок Жумагул байкебиз өтө чоң гонорар сурап жатат. Бул жагынан да сүйлөшүүлөр болсо керек…

—Турдакун Усубалиев менен качан жакындан таанышып калдыӊыз?

 

—Турдакун Усубалиевич менен бирге 1995-жылы Жогорку Кеӊештин шайлоосуна мен да  талапкерлигимди коюп катышып калдым. Ал кезде  Эл өкүлдөрү жыйыны, Мыйзам чыгаруу жыйыны деп парламентте эки палата бар эмес беле. Турдакун Усубалиевич Эл өкүлдөр жыйынына аттанып чыкты. Мен, менден бөлөк 13 киши Мыйзам чыгарууга ат салыштык. Ошол шайлоого  Мыйзам чыгаруу палатасында депутат болуп жүргөн Кубанычбек Идинов да катышкан эле. Мен анда 32деги жаш жигит болчумун да. Ал убакта союз жаӊы таркаганына карабай тартип бар болчу. Баягы 14үбүз чогулуп алып,  элди кыдырганда ар бирибиз программабызды айтабыз. Барган жерде улуулата сөз берилгендиктен   мага сөз кезеги жетпей калчу. Жеткен учурда деле жанымдагылар: “Шамшыбек Медетбеков деген биздин ушундай жаш талапкерибиз бар. Буга сөз бербей элекоёлу. Элдин алдына чыгып бир көрүнүп койсун” дешсе ошого эле ыраазы болуп бир көрүнүп коём. Анан жыйналыш бүткөндөн кийин башкарманыкынан же дагы бир жерден  козу жегенде залга ошолор кирет. А мен айдоочулар менен өзүнчө олтуруп калам. Анан бир-эки күн кыдырып жүрүп,  “кой мындай болбойт экен” деп элди өз алдымча кыдыра баштадым. Ормонхан айылындагы Таалай дегени жигит жетектеген ансамблди коштотуп алып  эл менен жолугуп жүрдүм. Айылга барганда музыканын үнү чыкса эл чогулат да. Ошентип үч районду кыдырдым. Анан шайлоо болуп калды. Мен биринчи турдан депутат болгонго 4-5% эле жетпей калды. Ошентип  экинчи турга Кубанычбек Идинов экөөбүз чыгып калдык.  Анда Бейшен Болотбекович губернатор , Арстанбек Ногоев Кочкордун акими эле. Бийлик колдоп жаткандыктан мен өзүмө ишене баштадым. Турдакун Усубалиевич биринчи турда депутат болуп калды. Ал киши Кубанычбек Идиновду жетелеп элди кыдырса, мени бийлик колдой баштады. Ошентип экинчи турда “ит жыгылыш” болуп үчүнчү тур өткөрүлмөй болду. Анан үчүнчү тур дагы аягына чыкпай калды. Турдакун Усубалиевич бир күнү Кубан деген жээнин жиберип чакырткан экен. Барсам ал киши: Шамшыбек сен жаш экенсиӊ. Келечегиӊ алдыда. Кубанычбек байкеӊе жол бошотуп бер. Биздин алтын маселеси боюнча бүтө элек иштерибиз бар. Сен кийинкиде депутат болосуӊ.   Сени элдин баары таанып калды”-деди.

—Турдакун Усубалиевич, эгер андай болсо мен макулмун-дедим.

—Анда жакшы болуптур-дегенден кийин чай ичтик.

Андан кийин эл менен жолугушууга участокторго барбай койдум. Бийлик колдогонуна карабай депутаттыктан баш тарттым. Ошону менен Кубанычбек Идинов депутат болуп калды. Ошентип, ошол жылдары Турдакун Усубалиевич менен жакындан таанышканбыз.  

—Кийин депутат болгондо кабыл алдыбы?

—Ооба. Ал киши депутат болгондон кийин чакырып алып ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн керектүү акыл-насааттарын айткан эле. Ошондон бери каза болгонго чейин ата-баладай эле жакшы мамиледе болуп, сый-урмат көрсөтүп жүрдүм.

                                                                   Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ