—Мындай тагдырга туш болушума эч качан өкүнбөйм. Эмесе кеп башынан болсун. Мектепти бүткөндөн кийин шаарга келип өзүм тандаган кесип боюнча жогорку окуу жайлардын биринде окуп калдым. Арадан беш жыл өткүчө жалаӊ окуу менен алек болуп жигиттер менен сүйлөшкөн деле жокмун. Бирок, бизге сабак берген агайымды жактырчумун. Анын үй-бүлөлүү экенин билсем да ага анча деле маани берген эмесмин. Агай сабак өтүп жатып башка кыздарды карап жылмайып койсо кадимкидей кызганчумун. Ошентип агайыма ашык болуп жүрүп 5-курсту аяктап бүтүрүү сынактарын тапшыра учур да келип жетти. Дипломду колубузга алгандан кийин аны мугалимдерибизге майлап бермей болуп, өзүбүз окуган окуу жайдагы кенен иш бөлмөлөрдүн бирине жакшылап дасторкон даярдадык. Мугалимдерибиз менен чогуу болгон бул кече баарыбызга аябай жакты. Алар үчүн даярдалган ичимдиктер улам ичилген сайын кечебиз ого бетер шаӊга бөлөнө баштады. Ошол учурда баягы агайым мени уурданып тиктеп жатканын байкап калдым. Ал мени сыртка чык дегенсип ишарат кылды. Коридорго чыксам күтүп турган экен. “Айгерим, жүрсөӊ сенде сөз бар эле” деп мени ээрчитип алып үчүнчү кабатка көтөрүлүп өзүнүн иш бөлмөсүнө барды. Бөлмөнү ичинен бекитип диванга отургандан кийин мени жанына чакырды да:

—Бүгүнкү кече сага жактыбы?-деди белимен имере тартып.

Ошондо денем дүркүрөй түшкөнсүп бир кызыктай абалда болуп:

—Агай, албетте, мындай кече кимге гана жакпасын-дедим ичимдеги “градустун” күчү менен кылыктанып.

—Жаным менин, сен ушунчалык керемет жансыӊ,-деп агайым жанталашып алкымымдан аймалай баштады.

—Коюӊузчу агай, уят эмеспи-деп бир аз каршылык көрсөткөнсүп акырында ыгына көнө баштадым.

Оттой ысык эриндерибиз чапталышып, экөөбүз эстен тана дивандын үстүнө куладык. Андан кийин ичимдиктен тышкары махабатка мас болгондуктан эч нерсени сезбей калыптырмын. Эсиме келсем “болоор иш” болгон экен.

—Айка, мени кечирип койчу. Чынын айтсам өзүмдү карманалбай калдым,-деди агайым күнөөкөр адамдай башын шылкыйтып.

А мен “аруулугумдан” ажыраганыма өкүнгөндөй түр көрсөтүп бир аз ыйламыш эттим.

—Мен сени таштабайм. Керек болсо үйлөнүп алам. Ишенсеӊ баардыгы жакшы болот,-деп ал мени колунан келишинче сооротконго аракет кылды. Акыры канчалык туура эмес эмес иш кылсам да аны кечирбеске аргам жок эле…

…Мугалимдик кесипке ээ болгон соӊ шаардагы жаӊы конуштардын бириндеги мектепке ишке орношуп, өзүм жалгыз батирге чыгып алган элем.  Бир күнү тамак жасап атып көӊүлүм айнып кусуп жибердим. Көрсө, боюма бүтүп калган экен. Бул тууралуу агайыма байланышсам ошол замат жолугушууга чакырды. Ал күнү мектепте сабагым жок болгондуктан болжошкон жерден агайыма жолуктум. Алгач “мага көйгөй жараттыӊ” деп айтабы”-деп андан корктум.

—Айка, сен мага чоӊ  белек тартуулаганы жатасыӊ. Келинчегим ден-соолугуна байланыштуу төрөбөй калган. Үйлөнгөнүбүзгө 12 жыл болсо да наристелүү боло албай койдук. Менде баары жетиштүү. Бир гана бала жытына зар болуп жүрөм. Эгер уул төрөп берсеӊ мен сени өмүр бою бактылуу кылам. Андыктан бир аз убакыт өткөндөн кийин доктурга көрүн. Калганын мен өзүм бүтүрөм,-деп чечкиндүү сүйлөдү.

Агайым менен ошол жолку жолугушуудан кийин мен үчүн күтүүсүз окуя болду. Ал мага аялы менен ажырашканын ачык айтып, менин колумду сурады. А мен ойлонбостон макулдугумду бердим. Анан доктурга барып текшерилсем боюмдагы наристе уул экен.

Муну укканда агайым аябай кубанды. Акыры чындыкты апама айтмай болуп, ага телефон чалып атайын шаарга чакырдым. Апам шаарга келгенде буга чейинки башымдан өткөн окуялардын баарын ага шашпай айтып бердим. Ал башында ыйлап:

—Ошондой де. Кызым, сен үч уулдун арасында жалгыз болгонуӊ үчүн кечирем. Бирок атаӊ укса бул жоругуӊду кандай кабыл алат болду экен?-деп бир сыйра кыжалат болду.

Апам айылга барып атама иштин жайын айтканда “ошондой кыздын барынан жогу” деп үйдөн тополоӊ чыгарган экен. Бул тууралуу агайыма айтсам:

—Атаӊ бизди эртеби-кечпи баары бир кечирет болуш керек-деп күтүүсүз чечим кабыл алып, шаардагы өзүнүн үйүн сатып жиберди.  

Учуру келгенде мен да аман-эсен көз жарып алдым. Уул төрөгөнүмө сүйүнгөн агайым өзүнүн досторун чогултуп чакан тойчук өткөрдү. Эми андан бери үч жылга жакын убакыт болду. Агайымдын сунушу менен баардыгын жыйыштырып  Алматыга кетип калганбыз. Экөөбүздүн теӊ туруктуу иштеген ишибиз бар. Мен аз келгенсип, ал дагы ага-туугандары менен эч байланышпайт. Анын айтуусуна караганда бизди атам кечирип, жакшы кабыл алгандан кийин гана баары менен катташа баштайт окшойбуз. Мунун баары тагдырдын сыноосу экендигин экөөбүз теӊ сезип жатабыз. Менин бул жашоодо бактылуу болгонум-ашык болгон адамыма турмушка чыкканым. Мындан артык эч нерсенин мага кереги жок…

                                                                   Даярдаган: Нурпери ИСАБЕКОВА