Cузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Каңды айылында 11 жаштагы жеткинчек бала өз үйүндө бычакталгандан кийин үйүнөн баланын ата-энесине жазылган кат табылган.Маалыматта: окуя 8-июль күнү саат кечке маал чамасында болгондугу айтылат. Милиция кызматкерлери ыкма маалыматтын негизинде окуя болгон жерге жетип барган кезде 4-класста окуган баланын колу-буту скотчтолгон абалда үйдүн кире беришинде жаткан. Ал денесинин бир канча жерине бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүнөн «Мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым» деген кат, короонун ичиндеги дааратканадан аялдын жана эркек кишинин кан болгон кийимдери, бычак табылган. Бычакталган бала бир тууган эжеси менен үйдө жалгыз калган. Маркум үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү болчу. Эки агасы Бишкектеги жогорку окуу жайда билим алышат. Азыр 14 жаштагы кыз милицияда сурак берип жатат. Аны психикалык жактан жабыркаганы боюнча ооруканадан текшерип жатышат. Баланын атасы таксист, энеси бала-бакчада иштечү. Бул кылмыш ишине анын 14 жаштагы бир тууган эжеси шектелип жатканы маалым болду . Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев маалымдады. Анын айтымында, баланын эжеси психолог, педагог жана жактоочунун катышуусунда милиция кызматкерлерине көрсөтмө берген. Өспүрүм кыздын көрсөтмөсүндөгү маалыматка караганда, ал иниси менен ойноп жатып, столго отургузган. Андан соң колу-бутун скотч менен байлап туруп бычак менен сайып жиберген. Ал буга чейин дагы иниси менен колу-бутун байлап ойноп келгендиги да белгилүү болду. Кат боюнча сураганда: «Менин көзүмө ар нерсе көрүнчү эле, жан дүйнөм кыйналганда ар кандай маанидеги каттарды жазчумун» — деп айтып берген