Алгачкы маалымат боюнча Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты, президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана дага эки адам Ысык-Көлдүн Бакту -Долонту айылынан жол кырсыгына кабылып, каза болушканы айтылган. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан. Кийинчерээк, оорканадан такталгандай, кырсыктаган Темирлан Токобеков тирүү. Ал учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Анын абалы оор экени айтылууда. Ал «BMW X7» машинесин башкарып баратканын, бирок учурда кылмышты жашыруу, милиция кызматкерлери тарабынан автоунаадагы видеолорду өчүрүп, окуяны бурмалоо аракети көрүлүп жатканын маркумдун жакындары айтып чыгышыты.

Алар кырсыкка өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу далалаты болуп жатканын билдиришүүдө. Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматында кырсык 7-июлда таңга жуук саат 4.30дар чамасы Бактуу-Долоноту айылында катталгандыгы, «Lexus» жана «BMW Х7» ​машинелери кагылышып, андан «Lexsus» автоунаасындагы 3 киши ажал тапкандыгы айтылат. Булардан тышкары, дагы бир адам каза тапкан.

Милициянын маалыматында «BMW Х7» Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышканы айтылат. Милиция машинелердин бирин Темирлан Токобеков башкарып баратканы тууралуу маалымат берген жок. Чүй облусунун тургуну рулда болгонун, кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болорун билдирди.

25 жаштагы Темирлан Токобеков депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу жана «Республика-Ата Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат.