Бул тууралуу жергиликтүү «CNN Türk» телеканалы маалымат таратты. Анда 7-июлдун таңында Анталия аймагынын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык М.И.нин жерде кыймылсыз, канга чыланып жатканы жазылган. Жергиликтүүлөр «Тез жардамга» жана жандармерияга кабар беришкен. Бирок «Тез жардам» кызматкерлери келишкенде кыргызстандык жигиттин мылтыктан атылган октон каза болгонун жарыялашкан.

Аланиянын башкы прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 40 жаштагы А.Й.ни кармашкан. Суракта шектүү жаран кыргыз жигит менен пикир келишпестиктен улам уруша кеткенин айткан. Учурда каза болгон кыргызстандык М.И.нин сөөгү Анталияда соттук-медициналык экспертизанын моргунда кармалууда.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 15тей «Жүк 200» жөнөтүлгөн. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Негизинен мигрант кыз-келиндер саламаттыгынын начарлыгынан каза болгон. Баарына кайыл болуп өз жанын кыйгандар да бар.

Булак: Азаттык