Айымдар дайыма сулуу жана жаш болуп жүргүсү келет. Ал үчүн жакшынакай боёнгон жетишсиз. Боёктордон сырткары бетке туура кам көрө билүү аздык кылбайт. Албетте, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” — дегендей, бетке күнүмдүк кам көрүүдө косметологдор менен дерматологдордун кеңешине көз чаптыралы…

Кебездин ордуна жүзаарчыны колдонуу

Беттеги макияжды тазалоодо кээ бир учурда кебезден жасалган диск жок калат эмеспи, анын үстүнө ал кебез косметикалык каражаттын бир канча бөлүгүн гана кетиргендиктен көп учурда косметологдор жүзаарчыны пайдаланышат. Мисалы жуунарда оливка майын колдонсоңуз, аны бетке сиңгиче сыйпайсыз дагы, жүзаарчы менен акырын аарчып саласыз.  Ак жүзаарчы менен аарчысаңыз, беттеги косметикалык каражатты канчалык деңгээлде тазалагандыгы так жана даана билинет.

Күндөн сактоочу майларга жакшы карашат

Косметологдор УФ-индексти катуу көзөмөлдөп турушат. Annals of Internal Medicineдин изилдөөлөрүндө курамында SPF фактору бар майларды колдонгон айымдар андай майларды колдонбогон айымдардан кечирээк картаярын аныкташты. Ошондуктан бет майды тандап жаткан учурда жылдын 4 мезгилинде тең күндөн коргоочу фактору менен алганды унутпаңыз.

 Акыркы тренддерден калышпайт

Социалдык желелерде мактаган косметикалык каражаттын баары эле алар айткандай натыйжа бере бербейт. Ошондой болсо да, дерматологдор кайсы тренд болбосун өздөрү сүйкөнүп анын жыйынтыгын байкап көрүшөт. Азыркы учурда эң эле натыйжалуу болгон эки жолу бетти профессионалдуу тазалатуу.  Ал бетте калган косметикалык каражаттарды толук кетиргенге жардам берет. Ал эми жуунучу май макияжды жумшак жана жакшы кетиргендиктен, беттин терисин жабыркатпайт. Ким Кардашьян бир реалити шоуго катышып жаткан учурда кезектеги трендди киргизген. Плазмолифтингди ошол шоудон рекламалап койгон. Плазмалифтинг коллагендин синтезделишине көмөкчү болуп, теринин картаюусунан сактайт.

Эксперимент кылгандан коркушпайт

Кадимки кездемеден корей маскаларын бетке жаап жүрбөйбүзбү. Ошол маскага кээ бир заттарды кошкондо натыйжа эки эсе жогору болот. Мисалы ошондой маскага сода кошуп койсо беттеги кара тактардын кетишине өбөлгө түзөт. Анан ошол эле масканын үстүнө музду сүртсөңүз беттин терисин жылмакай кылат.

Көздү этияттоо менен…

Көзүңүздүн айланасындагы кара тактар кайдан пайда болду деп жатсаңыз, ал сиздин боёнуу каражаттарын, маскаларды жана бет майларды туура эмес пайдаланууңуздан улам пайда болгондугун билиңиз. Эмне үчүн көздүн айланасына маска койбоңуз деп көп кеңеш беришет? Анткени, көздүн айланасындагы тери абдан назик болгондуктан, ар кандай процедуралар ал терини бат эле жабыркатып коёт. Эгерде көзүңүз талыса муздак компресс койсоңуз талыганы кетет. Анан эч качан жаздыкка бетиңиз менен жатпаңыз, кирпиктер ийилип көздүн айланасындагы териге бырыш түшүрүп жиберет.

Эриндер да маанилүү

Бетиңизге күндө маска коюп, бет майдын түрүн сыйпап бирок эриндер туурасында унутуп койгон учурлар көп эле болсо керек. Эсиңизде болсун, жалтыраган бырышы жок бет сыяктуу эле бырышы жок эриндер деле өзүнө көңүл бурдурат. Ошондуктан эриндер үчүн бальзамдарды же болбосо өсүмдүктөрдүн майлары менен майлап жатканды унутпаңыз.

                                                             Самара САЛАМАТОВА