—Нарынбек молдобаевич, коррупция маселеси боюнча кеп кылалы…Коррупцияга каршы күрөш сиздин купулга толуп жатабы? Деги коррупцияга аралашпаган таза адамдар бизде барбы? Мына ушул маселени өзүңүздөн баштап, анан сөздү улап кетсек…

—Мен бир радионун журналистинин коррупция тууралуу суроосуна жооп берип калдым. Мен өзүм Кудайга ишенген кишимин, кичи ажылыкка да барып келгем. Мен ал маекте: “Коррупциялык ишке аралашып, мамлекеттин казынасынан акча жеген Кудайга да,  ошол адамдын өзүнө да жакпайт. Ал арам оокат жукпайт”- деп, ал сөзүмдү айрым фактылар менен далилдеп бердим. Мисалы үчүн, Акаев да, Бакиев да  мамлекетти тоноп, болушунча жешти. Ошондон жыргап кеттиби? Азыр куурап, өз элине, жерине келе албай куурап жүрүшөт. Бабанов рейдерлик кылып, жеди эле. Ал да өз элинен акыры качып, келе албай жүрөт. Ага окшогон бир топ саясатчылардын алды 5жыл арты 2-3 жылдан түрмөгө олтуруп чыгышты. Алардын аттарын айтпасак да, эл жакшы билет. Түрмөгө бир күн олтурганы он жолу жегенинен артыгы чыгып жатпайбы. Арам акча эч кимге майдай-сүттөй жагып кетпейт. Акыркы Кудай ошол арам акчанын азабын өзүнөн, болбосо тууган- уругунан, бала-бакырасынан чыгарат. Буга көп эле мисалдар да бар. Мен ушундай өӊүттө маек берип жатсам, журналист айым мага: “Сиз өзүӊүз жедиӊиз беле?”- деп суроо салып калды. Мен: “Жетекчилик кызматтарда иштесем да, бирөөлөрдөн акча алдырып, же башка бир жолдор менен эч качан коррупциялык ишке аралашкан эмесмин. 2000-жылдары мен «Кыргызгазмунайзатта” жетекчинин орун басары болуп иштеп калдым. Ошол учурда  жетекчим айрым учурларда мени чакырып: “Сен жакшы иштеп жатасыӊ, уурдаткан жоксуӊ, экономикабыз оӊолуп, көрсөткүчүбүз жакшы болуп жатат”- деген кеп-сөздөрдү айтып, мага 3-4 миӊ долларды “премия” катары берчү. Бирок жамааттын көзүнчө эмес, өзүнчө берчү. Мен ал акчаны өз эмгегим катары эсептечүмүн. Ошентип, ошол кызматта иштеп турган учурда 24 жашка чыккан кызым күтүлбөгөн жерден кокустук болуп каза болуп калды. Мына ошондон кийин баягы мага берип жаткан акча таза эмес акча экенине көзүм жетип, жетекчинин антип берген “премиясынан” баш тарттым. Арам акча жукпасын, арты жакшы болбосун өз башыман өткөн тагдырдан улам жакшы билем. Радиого ушунун баарын айтып берсем,  ал маек жарыялагандан кийин, айрым гезиттер менен сайттар менин сөзүмдү  үзүп-кесип кылып, “мен жегем” деген эле сөздү контекстен жулуп алып,  жарыялашты. Анан албетте, аны окугандардын көз карашы өзгөрүп, туура эмес түшүнүп талкууга алынды. Ал тургай түштүктө спектакль катары кылышып: “Мен Молдобаев 4 миӊ доллар жедим эле десе, дагы бирөөсү сен коё турчу, бул жакта 70 миӊ доллар жегендер менен кырылышып жатабыз ”- дешип. Мунун баарынан менин абийириме абдан эле чоӊ шек кетти. Буларды мен мактаныч катары айтып жаткан жокмун, эл негизги чындыкты билсин деп жатам. Азыр бирөө келип айтсын, менден баланча албадыӊ беле деп. Эч ким айта албайт. Анткени, мен абийиримдин алдында ак болгонго бүт аракетимди жумшадым. Мага коррупция, пара маселеси боюнча кезинде абдан эле  көп сунуштар болду. Бир экөөнү мисал кылайын. Мен 2017-жылы биринчи жолу депутат болгондо бир адамдар менин жардамчым аркылуу мага бир мыйзам долбоорун (экологияга байланыштуу) өткөргөнгө 500 миӊ доллар сунуш кылышкан. Аны угуп, жиним менен кабинеттен кууп чыккам.  Мен ал мыйзамга абдан каршы чыгып, комитетте (мен комитеттин төрагасынын орун басары болчумун) каралганда өткөртпөй койгом.

Кийин 2010-жылы экинчи жолу депутат болгондо андан көп сумманы да сунуш кылып, кайсы бир ишти бүтүрүү аракетин кылышты. Мисалы, бир ишке 2 млн. доллар сунуш кылышкан. Мен ошонун бирин да жаныма жакын жолотподум. Эгер мен алар менен биригип кеткенде, абийиримдин алдында, Кудайдын алдында таза болот белем?  Чындап эле аралашкан болсом, мен азыр айрым адамдар менен кошо суралып, азыр абакта жатмакмын. Ансыз деле, арам акча эч качан жукпасын мен тереӊ түшүндүм да. Кандай болгон күндө да арам акчанын аягы сөзсүз түрдө жаман иш менен бүтөт.

—Мына ушул сиз айткан арам акча маселесин түшүнүп турушса да, чиновниктерибиз жулунуп эле жеп жатышпайбы. Же коррупцияга каршы күрөш жетишсиз болуп жатабы?

Коррупция деп эле баарын камай бергенден анчалык деле чоӊ майнап чыгып, укмуш болуп кеткенин көрө элекпиз. Камабасын дебейм, камасын. Бирок коррупцияны азайтуу үчүн бул маселе менен балдарыбызды бала-бакча, мектептен тартып тарбиялашыбыз керек. Бизде ушул нерсе жок болуп жатпайбы. Тескерисинче төрөтканадан, мүрзөгө чейинки маселе акча менен бүтөт. Мисалы үчүн Кытайда 10 миӊ доллар жеген адамды, ошондой эле, 7 муун салыкчыларды атып жатышат. Ага карабастан ач көз адамдар дагы эле жеп жатышат. Мен Кытайга иштер менен көп эле барып жүрөм. Ал жакта жашагандар айтышты. Машина айдап иштеп турганда, машинага салык төлөшөт экен. Иш бүтүп, машина токтогондо номерин чыгарып, тиешелүү жерге өткөрүшөт экен. Себеби, номер тагылдыбы, көчөдө иштеп жүрүшөт деген түшүнүк бар экен. Иш чыгып калганда, кайра өзүмдүн номеримди алайын деп барсаӊ, жөн бербей бир нерсе сурап үмүт кылат экен. Адам байлыкка тойбойт экен. Тойсо, өлсө топуракка гана тоёт деген ушул экен да.  

                                                                     Суроо салган, Айбек Шамшыкеев