(2-бөлүк)

Остеохондроз, грыжа оорулары

Алыскы аймактардан бизге муун оорулары менен ооруган бейтаптар көп кайрылат. Анын ичинен тизелери ооруп, шишип, ийиндери ооруп кыймылдата албай келген оорулар  ийне терапиясынан айыкканын баса белгилеп айтышат. Остеоартроз, остеоартрит оорулары менен манжалары кыйшайып, буттары ийрейип келгендер замандын шартына ылайык комплекстүү дарылоодон өтүшөт.  Негизинен мындай ооруларга ийнетерапиянын, лазер терапиясынын жардамы натыйжалуу.

Ийне терапиясы психотерапиялык ыкма менен кошо невроздорду дарылоодо өтө чоң касиеткке ээ. Канчалаган адам уйкусу качып, нерви дүүлүгүп, башы ооруп, колу-буту чымырап, кыбырап, денеси ысып, титиреп, дем ала албай, алы кетип, кыжырланып, кайгырып, ыйлап-сыктап невроз оорусу менен кайрылып жүрүшөт.

Биринчи кезекте психотерапия ыкмасы менен анын кайгы-капасынын себебин билип, ошону кетирүүгө өзүбүздүн кеп-кеңешибизди берүүгө тийишпиз. Ушундай ооруларда ийнетерапиясынын нервди тынчтандыруучу касиети жакшы натыйжасын берет. Невроз ооруларын дарылап айыктыруудагы тажрыйбалык далай мисалдарды  келтирип айтасам болор эле. Ошолордун ичинен бир мисалды эскерип айтсам, “коркуу-жабышма ой неврозу”  менен Нарын шаарынан жогорку кызматта иштеген бир чиновник кайрылып, көпкө дарыланып жүрдү. Эми седативдик дарыларды кочуштап ичип жүргөн ал инсан, жалаң ийнетерапия жолу менен бир нече жыл дарыланып жүрүп толук айыгып кетти. Азыр жакшы айыкканын ушундан билиңиз, жолугуп калганда кадимки эски достордой жаны-алы калбай учурашып, кээде үйүнө чакырып, остеохондроз оорусу  боюнча ийне сайып бер деп калат.

 Коркуу, жабышма ой неврозу менен 1985-жылы спецполиклиникада,  мен иштеп жүргөн мезгилде 35 жаштагы орус улутундагы, күйөөсү авариядан каза болуп калган келин дарыланып калды. Анын жолдошу Кыргыз ССРинин борбордук комсомол комитетинин жооптуу кызматкерлеринин бири болор эле. Ошол учурда ал келиндин абалы өтө оор болуп,  жолдошун жоготкону аз келгенсип,ошол окуядан кийин   автотранспортко түшкөндөн коркуп калыптыр. Машина десе эле жүрөгү түшүп, титиреп, жүрөгү лакылдап, коркунуч абалына туштугат экен. Бул келинге мен ийнетерапия менен кошо рационалдык психотерапия жүргүзүп, экинчи курстук дарылоого келгенде ал келиндин коркунучун кетирүү үчүн аны менен кошо троллейбуска түшүп жүргөн учурларым болгон. “Көрдүңбү, машинада андай деле коркунуч жок?” деп табигый түрдө түшүндүрүп жүрүп, үч курс дарылоодон кийин ал келин өзүн жакшы сезип, акырындап автоунаага түшө баштаган.

Азыркы мезгилде мурдагы истерикалык невроз өзүнүн классикалык белгилерин жоготуп, жүрөк оорусу менен коштолчу болду. Мага кайрылган жаш аялзаттары көбүнчөсүн үй-бүлөлүк көйгөйдөн жапа чегип келишет. Жолдошу көзүнө чөп салып,  анын бөлөк аялга үйлөнөрүн билгенден кийин кадимкидей невротикалык реакцияга туштугуп, үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан жүрөк оорусу кармап, кан басымы көтөрүлүп, “тез жардам” бригадасын чакыра беришет. Мындай аялдар эмоционалдуу келип, адегенде эле уйкусу качканын, жүрөгү ооруганын, жүрөгү кысылып, титирей баштаганын айтып, терең психотерапиялык сурамжылоодон кийин гана үй-бүлөлүк көйгөйүн баяндайт. Азыркы учурлардагы көп кездешкен “кардиофобия” жүрөк оорусунан коркуу, “канцерофобия” – онкологиялык оорулардан коркуу психикалык себептерден улам күчөп жатат. Мындай көйгөйгө кабылган бейтаптарга  врачтын кеп-кеңеши менен ийнетерапия коштолсо  жакшы жардам берет.   

Кан тамыр вегетативдик дистониясы

Мындай оору менен жүрөгү ооруп, дем ала албай, колу-буту чымырап, кан басымы бат-баттан өзгөргөн, орто жаштагы биздин жарандар көп кайрылышат. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам аялзаты кайрылса, эркектерибиз жумушуна байланыштуу көйгөйлөр менен кайрылышат. Мында дагы ийне саюунун жардамы дары-дармектер менен кошо берилсе, жакшы айыгып кетишет.

Баш оорунун түрлөрү

Шакый оорусу менен башы ооруп, башын мыкчып келгендер, травма алып көп жыл баш оорусу токтобогондор, гайморит болуп ооруп, башына доо кеткендер, көзүнүн ичиндеги басымы көбөйүп, башынан кыйналгандар көп эле кайрылышат. Кээде арка-моюн остеохондрозу дагы баш оорусун күчөтөт. Ийнетерапиясы тийиштүү дары-дармектер менен коштолгондо башынын оорусунан айыгып кеткендерди тажрыйбамда көп эле көрүп жүрөм.

Борбордук нерв системасынын өнөкөт оорулары

Эми кыскартып айтсак, борбордук нерв системанын ооруларынан Паркинсон оорусу, эпилепсия оорусу, инсульт оорусунан болгон жабыркоолор, инсульттан колу-буттун иштебей калышы менен ийнетерапиясына кайрылгандардын саны арбын эле.

Паркинсон оорусу менен кайрылгандар колдору титиреп, калтырап, басуусу кыйындап келишет. Мындайда ийнетерапиянын жардамы булчуңдарды бошотууга, титирөөнү азайтууга багытталып, жалпы дарылоо ыкмасы менен коштолуп, жакшы эле жардамын берип келе жатат. Ал эми эпилепсия оорусунан жабыркагандарга комплекстүү дарылоо колдонулса, маал-маалы менен ийнетерапиясынын дарылоо курсун алып турса айыгып кеткендердин саны арбын. Мисалы, анын ичинен айтарым, мындан 7 жыл мурда Кара-Балта шаарынан 38 жаштагы башынан катуу травма алып, эпилепсияга туштуккан жигит дарыланып жүрдү. Мага келгенге чейин травмадан башына кан уюп калганына байланыштуу нейрохирургдардан операция болуп, уюган канды алдырыптыр. Бул жигит менден 3-4 жыл дарыланып, ийнетерапиясы менен кошо дары-дармектерди алып жүрүп, эпилепсиясы кыйла азайып кеткен. Кийин дагы 2-3 жыл маал-маалы менен эпилепсиясы кармаган учурларда дарыланып жүрдү. Азыркы мезгилде бир-эки жылда бир келип, врачтын консультациясын алып, анда-санда дары ичип турганы болбосо, эпилепсиясы кеткенин айтып, өзүн жакшы сезип, башы оорубай калганына сүйүнүп жүрөт.

Психогендик сексуалдык өзгөрүүлөр менен  кээде жаш эле жигиттер, кээде орто жаштагы адамдар кайырлып калышат. Азыркы мезгилдеги заманбап, жыныс органынын эректилдик функциясын калыбына келтирген дарылар чыга электе эле ийнетерапиясынын сексуалдык кубаттуулукту көбөйтүүгө кошкон салымын  тажрыйбамдан  билип жүрчүмүн. Илгери 1984-жыл болуш керек эле, спецполиклиникадан аттуу-баштуу аксакал киши дарыланып, аябай кубанган учуру али күнгө чейин эсимде. 70 жаштан бир топ өтүп калган ал киши аялы каза болуп, 2-3 жыл бой жүрүп калып, кайра үйлөнгөн экен. Анда азыркыдай эффективдүү дарылар жок болгондуктан мындай көйгөй менен көп эле пациенттер ийнетерапиясына келишчү. Ош, Жалал-Абад жактагы иш сапарымда дагы жаш эле жигиттердин өнөкөт простатитке кабылып, ийнетерапиясынан айыгып кеткендерин   көрдүм. Бир жигиттин ал-ахыбалы ушу күнгө чейин эсимден чыкпайт. Ал жигиттин айтуусунан, жыныстык катнашы ошол мезгилдин шартына ылайык,  шашылыш,  ыңгайсыз абалда болуп, сексуалдык алсыздыкка кабылыптыр. Кийин  ошол көйгөйүнөн коркуп-үркүп, көп эле ар түрлүү дарыгерлерге барып, жакшы оңоло албай коюптур. Мага келгенде өтө аянычтуудай болуп, айыкпаган бир дартка кабылгансып, улам-улам арманын айта берчү. Ошол мезгилде 1999-жылы  азыркыдай дары-дармектер жок болгондугуна байланыштуу ага жалаң  ийнетерапия курсун өткөрүп жүрдүм. Үйлөнүүгө камданган ал жигит “Ой, ака, оңоло аламбы?” деп  өзүнө ишенбей жүрүп,  үйлөнүп алган. Кийин үйлөнгөндө мен айткан кеңештен улам жакшы  болуп калганын айтып, ыраазычылыгын  билгизип кеткен.

Ал эми инсультка кабылгандар, курч мезгилинен бир ай өткөндөн кийин ийнетерапиясын алышса болот. Колу-буту иштебей калган мындай бейтаптарга комплекстүү дарылоо менен кошо ийнетерапиясын алса, укалоо жолу менен колу-бутун иштетүүгө аракет жасалса айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Функционалдык гиперкинез дегендерден көз капкактары тынымсыз кыймылдап калгандар, бетинин бир жагы кыймылдагандар,кээде балдардын кекечтигинен көйгөй жаралгандар  кайрылышат. Мындайда ийнетерапиянын жардамы жакшы эле тийет. Невроздун дагы бир  “мутизм” деген абалында кыз-келиндер коркунучтун  айынан тили сүйлөбөй калат. Өспүрүм кыздарды ата-энеси катуу урушканда же жаңы үй-бүлө курган келиндерди жолдошу сабап койгондо сүйлөбөй калып  кайрылышат. Коркуп калган мындай кыз-келиндерге психотерпиялык кеп-кеңеш берип, ийнетерапиясы жасалган учурда кайра өзүнүн баштапкы абалына келип сүйлөй башташат.

Аллергия оорулары

Ийнетерапиянын азыркы замандын шартына ылайык, кадырынын өскөнү аллергиялык ооруларды  дарылоодо байкалып келет. Полиноз деген сезондук мурундун, көздүн, тамактын, кулактын аллергия оорусунда  ийнетерапиясынын жардамы чоң. 1988-жылдары 60 жаштарды таяган орус улутундагы отставкадагы полковник полиноз оорусундагы мурун аллергиясы менен дарыланып калды. Бул кишинин ишеничи зор болгондуктан бөлөк дары-дармек албай эле жалаң ийне менен айыгам деген далалаты бар экен. Бөлүп-бөлүп үч курс ийнетерапиясын алгандан кийин айыгып, кийинки жылы   бир жолу профилактикалык ийнедарылоо курсун алып, кадиксиз айыгып кетти.

Ийнетерапиясынын бронхиалдык астманы дарылоодо жардамы жакшы. Аллергиялык чекиттерге, бронхтун кысылышын кетирүүчү чекиттерге ийне сайганда, көп бейтаптар  кадиксиз айыгып кетишет. Ийнетерапиясынын жардамы өзгөчө атопиялык (аллергиялык) астмага жакшы жардам берет.

1983-жылы бронхиалдык астма менен жапа чегип, көптөгөн дары- дармек алып  айыкпаган өзүмдүн таежеңем ийнетерапиясынан айыгып кеткен. Кийин 2-3 жыл  өткөрүп,  40 жашка таяп калган,  төрөбөй жүргөн ал таежеңем ийнетерапиясынан кийин боюнда болуп, төрөп алды. Мындай абалды биз ийнетерапиясынын ички бездерге таасиринин күчтүүлүгү менен түшүндүрсөк болот.

Тери аллергиясы менен кайрылгандар ар дайым эле болуп турат. Экзема, псориаз, пуририго  деген өзгөчө аллергиялык кычышма оорусу менен  ооругандар көп эле  кайрылышат. Ушундай учурда жалгыз ийнетерапиянын эффективдүү таасири болсо дагы, биз тез айыксын деп  дары-дармек кошуп дарылайбыз.

Ички органдардын оорусунан ашказан, өттүн сезгенүүсү, бронхтун сезгенүүсү, бөйрөктүн сезгенүүсү, табарсыктын сезгенүүсү ж.б. у.с. оорулар кайрылып турганы бизге кадыресе көрүнүш болуп калган. Башында терапевттик кесипке ээ болгондугума байланыштуу ички органдардын ооруларын дарылоодо, үй-бүлөлүк дарыгерге тете эле тажрыйбага ээ болуп калдым.  Ошонун жардамын азыр жакшы эле сезип жатам.

Кайсы ооруларда ийне сайылбоого тийиш? Онкологиялык, психикалык, инфекциялык ооруларда, жүрөк, өпкө, боор, бөйрөк оорулары өтүшүп кеткенде ийнтерапиясы колдонулбайт.

Бир сөз менен толуктап айтканда, ийнетерапиясы менен тажрыйбалуу дабагер алектенсе, анын кайсы ооруларда колдонулаарын жакшы билсе жардамы ийгиликтүү болоорун биздин тажрыйба далилдеп келет.

        Бекбоев Темирбек,

невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис дабагер