Нарынбек Молдобаевич, Парламент парламенттик шайлоого жакын “катуу уйкудан” чочуп ойгонгон сымал, шайлоо боюнча мыйзамдарды өзгөртүп жатышат. Акыры шайлоодо 9 пайыздык көрсөткүчтү калтырууну жактыргансып турушат. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

—Туура, Жогорку Кеӊеш шайлоо боюнча 5 башка мыйзам долбоорун даярдашты. Президенттин алдында да атайын комиссия түзүлүп, ошол комиссия жеӊип кетти. Башкалары каралбай да калды. Депутаттар менен да пикир алыштым. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда 120 депутат 9 пайыздык босого көрсөткүч деп жазылып калган. Ал Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген да чечим бар. Эгерде 9 пайыздык босого менен шайлоо өтсө, анда парламентке 2 же 3 эле партия өтөт. Алар байлардын жана  бийликтин партиялары  болот. Элге 3 партия болсо кайра жакшы деп. Жакшы эмес. Эмнеге дегенде ошол өтө турган 2-3 партиядан башка да партияларга жүз миӊдеген адамдар алардын шайлоодогу программасын жактырып,  өз добуштарын беришет. Анан 9 пайызга жетпей калса, үмүтү таш каап жатпайбы. Мына ушул жери жаман болуп жатпайбы. Бизде 3 миллионго жакын шайлоочу бар. Анын 9 пайызы бери дегенде 180 миӊ (18 мандат) добуш. Бул көрсөткүчкө партиялардын көбү жете албайт. Бизде эмне үчүн 9 пайыз босого. Мисалы, Россияда 5 пайыз, Украинада 5, Латвияда 5, Израилде 1,5 пайыздык босого. Алыскы Германия баштаган бир топ өлкөлөрдө 3 -5 пайыз. 9 пайыздык көрсөткүч башка өлкөлөрдө дээрлик жок экен. Бирок Россияда 5 пайыздык босого болгону менен шайлоодо 5ке жетпей, 4, 4-5 пайыз алып калса, ал партияга бир же, эки мандат берет. Бирок алар фракция түзө албайт, фракциясы жок эле шайлоодо элге берген убадасын аткарганга мүмкүнчүлүк болот. Мына ушундай сунушту Төрөбаев сунуштады. Мен да ушундай сунуш берет элем. Ал тургай бизге 7 пайыздык босого да көбүрөөк болуп турат. Парламентке канча партия көп келсе, ошончолук элге пайдасы тийет деген ойдомун. Себеби, ошончо партия элге берген убадасын аткарууга аракет кылат да…

—2015-жылдагы шайлоодо 6 партия парламентке өттү го. Бул көп да. Көп партиянын деле кыйратканын көрө албадык. Сиз дагы  көп болсун деп жатканыӊыз коомчулукка жакпасы турган иш десек болот…

—2015-жылы партиялык тизмени ким, кандай критерий менен түзгөнүн жакшы билебиз да. Ошондон улам, сапат маселеси да ошого байланыштуу болот. Мына азыр, атын туура жаза албагандар,  “эл аралык” деген жөнөкөй сөздөрдү айта албагандар олтурбайбы. Билимдүү, тажрыйбалуу, мекенчил, кыраакы  депутаттар өтө аз. Көбүнүн кебетесин, деӊгээлин көрүп жатабыз го. Анан кайдан элге жаксын. Ошон үчүн депутат болом дегендердин билим-деӊгээли, акыл-парасаты талапка ылайык текшерилиш керек. Мисалы, эӊ жөнөкөй суроолорду берип көрөлү. Кыргызстандын эли, салт-санаасы, тарыхы, экономикалык абалы, мүмкүнчүлүгү деген сыяктуу. Андан тышкары, дүйнөлүк саясат, тарых, экономикадан да азыраак кеп козгосок болот. Мына ушул нерсе, мыйзам катары иштесе жакшы болмок. Кадимкидей тандалып, эленип олтуруп, деӊгээли төмөндөр депутат болбой калат эле да.

—Сиз эми биздин өлкөдө оӊой менен ишке ашпай турган, бирок сонун идеяны айтып жатасыз. Себеби, 2020-жылы деле 2015-жылдагыдай эле Жээнбеков Атамбаевге окшоп, партиялык тизмелерге өзү көз чаптырып, батасын берет. Бул жагы түшүнүктүү. Ошон үчүн 2020-жылы деле акчасы көп, бирок акылы аз, күн карама адамдардын басымдуусу депутат болуп келишет да…

—Бул айтканыӊа макулмун. Бирок ошондой болсо да биз жакшы жагына өзгөрүүгө аракеттерибизди жасай беришибиз керек. Коомчулук бир муштумдай биригип, ошол мыкты ишти бийликти жасатканга мажбур кылышы керек. Акчага таянып эле олтуруп калбай, акчасы жок, бир эл колдогон эр азаматтардын да шайлоого катышышына шарттар түзүлсүн. Соттолуп, соттуулугу  бүттү деп шайланып жаткандарга да абдан каршымын. Колумдан келсе, мен ушуларды шайлоодо таптакыр жолотпойт элем. Биз бир мандаттуу шайлоо системасын баштан кечирдик. Ал жарабаган система экен. Азыр бул системаны да каалагандар бар. Бирок бул нерсенин тескери жактары абдан көп экенин биз эл аралап жүрүп, көрүп-угуп билип жатабыз. Айтор бул тема узак кеп…

—Ооба, узак кеп экени ырас. Ошон үчүн эми башка бир кептен козгойлу. Жээнбеков менен Атамбаевдин маселесинен учкай кеп кылалы. Көп эле саясатчылар Жээнбековго, азыраагы Атамбаевге жан тартып, калыс кепти айта албай жатышат. Эки тарапка теӊ жан тартпай, калыс айткандар абдан аз. Алардын бири өзүӊүз. Бул маселе боюнча кененирээк, тереӊирээк оюӊузду ортого салсаӊыз…

—Бул маселе чынында мамлекет үчүн оӊой эмес маселе болуп калды. Ошон үчүн ар бирибиз өз сөзүбүзгө жооп бергидей болуп сүйлөйлү. Мен бул ирет тереӊ да, кенен да эмес, учкай эле оюмду айтайын. Эки достун жеке келишпестиги  кимге пайдалуу билбейм, бирок менимче  өздөрүнө деле, элге да жакшы болгон жок. “Миӊ бир түн” жомогунда “Кызыл кыргын, сары сүргүн, так талашуудан келип чыкты” – деп таамай айтылган кеп бар. Мына ушунун баары чынында эле так талашуудан чыкты да. Мен эки тарапты теӊ колдогум келбейт. Ата-бабабаларыбыз мындай кырдаалда:  “кемигинде да, керкисинде да бар” деген сөздү айтып келген. Бир дос, досун падыша кылып,  үстүнөн башкарып алгысы келгенин баарыбыз эле баамдап калдык. Балким, досу саясатта билбегенимди тажрыйбасы бай досумдан сурап турармын дегендир. Эмнеси болсо да, турмуш башканы көрсөтүп койду. Дүйнөдө бир да мамлекет кайсы бир мамлекет менен кызматташуу маселесинде ал мамлекеттеги кош бийлик менен эмес,  расмий бийлик менен  мамиле түзүп, кызматташат. Бул маселени экөө теӊ жакшы түшүнүп, ошого жараша иш кылышса… Азыркы экөөнүн ортосундагы кырдаалга мен жакшы баа бере албайм. Мунун аягы жакшы менен бүтөт деп кепилдик берип, айтуу да кыйын. Кыскасы, эки дос от менен ойногондой болбошу керек. Бул эмес,  мамлекеттер ортосундагы  чоӊ согушту столдун үстүндө эле сүйлөшүп олтуруп  токтоткон учурлар болгон, тарыхка көз чаптырсак. Андыктан, эки дос  кырдаалды күчөтпөй, бир чечимге келип, тил табышса болмок. Экөөнүн ортосунда киши өлтүрүү болуп кеткен жок. Болгону жеке амбияцияларын тыйып, элди ойлошу абзел. Тарыхка көз чаптыралы, мына эгемендүүлүккө жеткенибизге 28 эле жыл болду. Ага чейин 70 жыл Орусиянын карамагында, анан мурун Кокон хандыгынын эзүүсүндө болдук. Анан ошол эгемендүүлүктү көтөрө албай жатабыз. Сырткы күчтөр карап турат. Ар кандай жаман кырдаалда, алар өз кызыкчылыктарын пайдаланып кетпейт деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бербейт. Ар бир революция мамлекетти бери дегенде 10 жыл артка тартат, ансыз да бутка тура албай жаткан экономикабыз ого бетер эӊшерилет. Кичинекей чырдан, чоӊ чыр чыгып кетиши да мүмкүн. Мисалы, бир тал ширеңке уч-кыйыры көрүнбөгөн килтейген токойду бүт өрттөп коёт. Кыскасы, бул маселени эч ким, эч качан эстен чыгарбашыбыз зарыл!

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев