Жакында Аламүдүн районуна Марс Саккараев  экинчи ирет  аким болуп келди.  Башка аким калбай калгансып, же аталган райондун акимдик кызматын бул адамга менчиктеп беришти беле? Жок дегенде кыйратып иштеп, элдин батасына татыса го бир жөн. Деги эле Чүй эли да жетекчиге жыргабады. Жээнбеков “”жерден чукуп тапкансып” Алтынбек Намазалиев деген мурунку прокурорду берекелүү Чүйгө губернатор кылып койду. Ал болсо 2010-жылдагы банктардагы ячейкаларда жоголгон акчага  шектүү болуп жүрөт. Ал тургай кылмыш козголуп, жең ичинен кыскартылып  кеткен дешет. Саккараев экөө Чүйгө атка минер болуп келгени Чүй элинин басымдуу бөлүгү жерге түкүрүп, кыжыры кайнап турат.  Бийликке негизи  болсо мына ушундай мандемдүү атка минелер жагат окшобойбу. 

 Маселен, Аламүдүн районунда чечилбеген толтура көйгөйлөр бар. Пригород айылындагы таштандылардын жанында жашап жаткан миңдеген түтүн  элдин ден-соолугу талкаланып жатат. Саккараев ошол акыр-чикирди тазалатып, жаркыратып койсо чоӊ сооп иш кылган болот эле го. Бул айылга жакын жайгашкан шаардык канализациядан тышкары мал союлуучу жайлардан, тери иштетүүчү цехтерден чыккан жагымсыз жыт Үмүт жаӊы конушунун тургундарынын да саламаттыгын талкалап жатканы белгилүү.  Бул аз келгенсип жаӊы конушка коомдук транспорттор да аз каттайт.  Дагы айтсак, Пригород айылындагы 350 орундук мектепте учурда 4 смен менен 1200дөн ашуун окуучу билим алышат экен. Мына ушул маселелердин баарын өз учурунда чечүү элди тажаткан акимдин колунан келет болду бекен? Биз жогоруда бир, эки эле айылдын көйгөйүн кыскача жаздык. Мындай көйгөйлөр бул райондогу бир топ айылдарда бар. Анын баарын жазсак, гезит бети чак келбес. Кези келсе,  анын баарын да жазып турарбыз. Саккараев бул кызматка  жогору жакта колдогон кожосу күчтүү болгон үчүн, элдин андан тажаганына карабай ушинтип уялбай кайра келип олтурат. Болбосо акимчиликте райондун жүгүн көтөрүп кете ала турган идиреги бар жаш кадрлар деле бар экен.