Бир катар ЖМК Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров менен “Кыргызстан” партиясынын төрагасы, депутат Канат Исаевдердин   Бабановго Москвадагы “Украина” деп аталган мейманканадан жолугушканын жазып чыгышты. Аталган  мейманкананын 30-кабатында жайгашкан “Боно” деп аталган италия  рестронынын официанты Зулпукаров менен, андан соң Бабанов менен бирге түшкөн сүрөттөрү өз баракчасына жарыялаган. Ал жигит эки башка  сүрөттө бир эле кийим менен түшкөн. Азырынча бул айтылып жаткан маалыматтар боюнча Бабанов да, Исаев менен Төрөбөй мырза да өз пикирлерин билдире элек.